Кыргыз чек арачылары кыргыз-өзбек чек арасын күчөтүлгөн тарипте кайтаруусун улантып жатышат. Ал жакка Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев барды. 

Кыргыз-өзбек чек арасынын Ала-Бука районунун Могол айыл аймагындагы талаштуу бөлүгүндө абал туруктуу, өзгөрүүсүз. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз борборунан билдиришти.

Чек аранын аталган тилкесине Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев барды. Ага чек ара мекемесинин бөлүмдөрүнүн мындан аркы аракеттерин координациялоо тапшырылды.

19-март күнү эртең менен Кыргызстан Өзбекстан менен болгон чек арасынын Ала-Бука районунун Могол айыл аймагындагы тилкесине эки БТР унаасын жайгаштырган. Чек ара кызматы мындай кадамга өзбек аскерлеринин чек аранын талаштуу бөлүгүн тосуп алгандыгына жооп катары барган. 18-мартта Өзбекстан эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле ал аймакка аскерлери менен аскер техникаларын жайгаштырып алган.

Өзбекстан 18-март күнү эртең менен «Маданият-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктун бир тараптуу жаап, чек арага эки БТР унаасын, эки «КамАз» жана 35-40 чамалуу аскерин жайгаштырган.

Андан соң Өзбекстан калган өткөрмө пункттардын дээрлик бардыгын жапкан. Өз кезегинде Кыргызстан да ошондой эле кадамдарга барган.

Өзбекстандын «Nuz.uz» интернет-басылмасы өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитетине шилтеме жасоо менен чек ара Ноорузга байланыштуу жабылганын жазган.

Учурда кыргыздардын «Кызыл-Кыя-автодорожный» деген бир гана өткөрмө пункту иштеп жатат, ал Өзбекстандын аймагына өзбек анклавдарынын жашоочуларын өткөрүп жатат.