Бардык кыйынчылыктарга карабастан Ташкентте жашаган Ян операция жасатып, расмий түрдө өз жынысын аялдан эркекке өзгөртүп, мектептеги кезинде сүйүп жүргөн кызга үйлөнгөн.

Англис тилинен которулду. Материалдын түп нускасы Los Angeles Times гезитине чыккан.

Яндын денесиндеги тырык Өзбекстанда трансгендерлерге карата кандай мамиле кыла тургандыктарын эске салып турат.

«Боор тушумда бычактан калган тырык бар», — дейт 1997-жылы Ташкентте ага группалаштарынын кантип кол салгандыктары тууралуу айтып жаткан тармал сакалдуу эркек. Ташкент — көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн 31 миллион калкы бар мурдагы советтик республиканын борбору.

БУУнун, эл аралык укук коргоо топторунун жана жергиликтүү ЛГБТ укуктары үчүн күрөшүүчүлөрдүн изилдөөлөрүнө ылайык, анда лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана транссексуалдар дайыма аңдуулар менен зомбулуктарга туш болушуп, коом тарабынан кабыл алынышпайт. Өлкөдө Сталиндин башкаруусундагы мезгилден бери иштеп келе жаткан мыйзамда эркек менен эркектин өз ара каалоолору боюнча жыныстык катнашка баруусу үчүн эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ислам Каримовдун президенттигинин тушунда өкмөт аларды жокко чыгаруудан бир канча жолу баш тарткан.

Ошенсе да Ян бардык кыйынчылыктарга карабастан расмий түрдө өз жынысын аялдан эркекке өзгөртүп, мектептеги кезинде эле сүйүп жүргөн кызга үйлөнгөн. Ал үчүн ага үч жыл көктүк, чыдамкайлык, мазаны алган дарыгерлер менен чиновниктерге баруу, соттук териштирүүлөр менен коркутуулар жана кылдат жылчыктарды издөө талап кылынган. Ал Өзбекстандын Үй-бүлө кодексинен психиатр-дарыгерлер комиссиясынын баасынан кийин жынысын өзгөртүүгө уруксат бере турган совет доорунан сакталып калган жобону таба алган.

Ал жобону коммунисттик Москва 1980-жылдардын башында, батыштын ондогон жылдарга созулган басым жасоолорунан кийин кабыл алган жана Яндын бактысына жараша Өзбекстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин ал жобо өчүрүлгөн эмес.

«Анан дагы трансгендерлерге, өзгөчө аялдарга жаман мамиле жасалып, коркутуп-үркүтүүлөр, зомбулуктар, уруп-согуулар болгон, ал эмес айрым учурларда жөн гана өлтүрүп салыша турган өзбек аймактарына салыштырмалуу Ташкенттин космополиттик шаар экендиги да жардам берди», — дейт мурдагы СССРдин аймактарындагы ЛГБТнын кызыкчылыктарын коргоо менен алектенген XS (Access) уюмунун жергиликтүү жашыруун канатынын лидери Ян.

«Алардын ата-энелери ага кийлигишип да коюшпайт, — деди Ян ысык чай ичип отурганыбызды, — анткени алар аны күнөө, Кудайга каршы жасалган кылмыш деп эсептешет».

Ян изине түшүүлөр менен чабуул жасоолордон чочулап, чыныгы фамилиясын айтпай эле коюшубузду өтүндү. Интернетте ал МакМиллан деген каймана ысымга ээ.

«Үй-бүлөлөр көбүнчө [трансгендерлерди] үйүнөн кууп чыгышат же зордоп үйлөндүрүшөт, а эгер алар ага макул болушпаса — аны өлтүрүп салышат жана аны менен эч кимдин иши болбойт», — деп билдирди Тимур аттуу дагы бир трансгендер. Ал аны биринчи жолу бешинчи класс кезинде зордуктагандыктарын айтты.

«Бачабаздык» дагы деле кылмыш жоопкерчилиги катары каралган мурдагы үч советтик республиканын бири (калган экөөсү — Түркмөнстан менен Азербайжан) эсептелген Өзбекстанда ЛГБТ коомчулугуна каршы жасалган кылмыштар тууралуу расмий маалыматтар жок. Бийлик бул тема боюнча расмий түшүндүрмөлөрдү берүүдөн баш тартып келет. Батыш жаңылыктар агенттиктерине Өзбекстанга кирүү мүмкүнчүлүктөрү жабык, а чиновниктери болсо жөнөтүлгөн сурамдарды дайыма четке кагып турушат.

Гомосексуалдуулукту пропагандалоого тыюу салуу тууралуу мыйзам сейрек колдонулат, бирок көбүнчө ылайыксыз маалымат берүүчүлөрдү, укук коргоочуларды жана журналисттерди камакка алуу үчүн курал катары пайдаланылат.

Өзбектердин трансгендерлер, гейлер жана лесбияндардын айырмасын билгендери аз.

Өзбек ЛГБТ коомчулугунун айрым өкүлдөрү коррупциялашкан милиция кызматкерлери гейлерди издеп таап, бардык үй-бүлө мүчөсүнүн көзүнчө ректалдык кароо же абактагы камераларда көп адамдын катышуусундагы зордуктоо уюштуруу менен коркутуп, алардан акча алуу үчүн таанышуу сайттарын жана жеке маалымат берип туруучуларын пайдала тургандыктарын айтышууда.

Бир нече ай мурда штаттык кийимчен бир нече полиция кызматкери тарабынан аялдын кийимин кийип, эркектерди өзүнүн батиринде кабыл алып жаткан эркек кишинин сабалып жаткандыктары тартылган видео пайда болгон.

Гомофобия эң жогорку деңгээлде колдоого алынат. Өзбекстанды СССР тараган 1991-жылдан бери башкарып келе жаткан президент Каримов гомосексуалдуулукту «жийиркеничтүү» деп эсептейт. Ал эмес анын келишкис оппоненти — Түркияда жашап жаткан улутчул лидер Мухаммад Салих — гейлер «обочолонтулушу» керектигин айткан.

ЛГБТ жана секс тууралуу маселелер жалпысынан тыюу салынган бойдон калууда. Бийлик тарабынан «Горбатая гора» же «Кинси» сыяктуу тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салынат, 2013-жылы аялдын кийимин кийген эркек киши кеңсе костюмун кийген балага болгон сүйүүсү тууралуу ырдагандыгы көрсөтүлгөн «Honey Tea» деген аталыштагы музыкалык видеого тыюу салынган.

Марк Вайль — белгилүү советтик жана өзбек театр режиссёру, кээ бир учурларда пьесалары гомосексуалдуулук маселелерине тиешелүү болгон Ташкенттеги «Ильхом» театрынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси — 2007-жылы өлтүрүлгөн. Ал кылмыш үчүн 19 жылга эрктеринен ажыратылган үч киши Вайлдын пьесаларынын бири Куранды кемсинткендигин айтышкан.

Ян жынысын алмаштыруу боюнча аракетин Вайлдын өлүмүнөн жарым жылдан аз убакыт өткөндөн кийин баштаган.

Бала кезинде ал өзүн эркек деп эсептечү жана 12 жашында ал тууралуу классташтарына айткан. Ал ажырашкан апасы менен бирге жашап, Ташкентте өскөн. «Апам көптөгөн жылдар бою мага операция үчүн акча бербестигин айтып, эгер андай кылсам өз өмүрүн кыйып, мени жиндиканага алып барам деп коркутуп жүрдү», дейт Ян.

«Мен жынысымды алмаштыргандан кийин апамдын мени өз досторунан алыс кармагандыгына бир аз таарынып жүргөм», — деди ал апасы акыры анын тандоосун кабыл алгандыгын кошумчалап. Анын атасы ал кадамын «балээ» деп атаган.

Жынысын алмаштырган маалда Ян үнүн акырын кылып, бетине түктөрдү чыгарган гормондорду ичип баштаган. Дарыгерлердин жардамдарына карабастан каттоодон өткөрүп, документтерин алмаштырууга жооптуу чиновниктер Янды шылдыңдашып, ошол эле маалда таң калышкан.

Алар дайыма менден: «Эмнеге? Аял болгон кыйла жакшы да», деп сурай беришчү.

Ян аларга психиатралдык экспертизанын жыйынтыктарын көрсөткөндө да алар алгач анын операциядан өтүшү керектигин айтып туруп алышкан. Өз кезегинде дарыгерлер жынысын расмий алмаштыруусу тууралуу документтерди талап кылышкан, анткени алар аны «майып кылып алуу» жоопкерчилигин каалашкан эмес.   

Ян үчүн булардын баарын жеңип чыгуу мүмкүн эместей сезилген.

«Мен бир жыл бою абдан капалуу жүрдүм, анткени мен эмне кылуу керектигин билген эмесмин», — дейт Ян.

Бирок ал өзүнүн чүнчүүсүн жеңип, анын гормондорунун эркектики экендигин жазуу жүзүндө ырастап берүүгө эндокринологду көндүрө алган. Анын кийинки кадамы ага башка ысым жана башка жыныс менен паспорт берүүгө макул болгон чиновник менен бирге ичүү үчүн кымбат баалуу коньяк сатып алуу болгон.

Ал бөтөлкө баарынан да Ян башынан өткөргөн бардык сыноолор маалындагы парага окшош болду.

Янга чейин эле мыйзамдуу негизде жыныстарын өзгөрткөн башка өзбек жарандары болгону менен чиновниктер ага ал үчүн ал адамдарга документтерди кайра жасап, пара берип же жынысын өзгөтүү тууралуу чет өлкөлөрдө берилген документтерди пайдаланууга туура келгенин айтышкан. Ян жынысын ачык жол менен өзгөрткөн алгачкы өзбек жараны болгонуна ишендирүүдө.

Борбордук Азия боюнча эксперт, саясат таануучу Даниил Кислов Яндын жеңишке жетүүсүнө күтүүсүздүк элементи жардам болгонун айтты.

«Өзбекстанда жынысын өзгөртүү боюнча операциялар июлда жааган кардай эле сейрек көрүнүш, — дейт Өзбекстанда туулуп-өскөн Кислов, — ошондуктан бул сыяктуу дал ушундай жалгыз учурлар жеңил ийгиликке жеткирет».

Ян дарыгерге беш же алты жолу аргасыз баргандан кийин мастэктомия (сүт бездерин алуу боюнча операция) жасаткан. Азыр ал трансформациясын аягына чыгаруу үчүн бир нече кошумча операцияларды жасатууга акча топтоп жатат.

Жаңы паспорту менен ал өспүрүм кезинен бери сүйүп жүргөн кызга үйлөндү жана эми нике шакегин байкер стилиндеги башка шакектердин катарында сыймыктануу менен тагынып жүрөт.

Кара булгаары пальто кийип, узун күрөң чачтуу, эрини менен кулагын тештирген анчалык узун бойлуу эмес Ян айланадагы адамдардын көз караштарына көңүл бурбастан Ташкенттин көчөлөрүндө басып жүрөт. Мыйзам үстүнөн чоң жеңишке жеткенден кийин Ян жынысын өзгөртүүнү каалаган же Батышта качкын макамын алгысы келген Өзбекстандын башка жарандарына кеп-кеңешин берүүсүн улантып жатат. Анын жардамын алган үч киши жынысын расмий өзгөртүү процедурасын аякташты, дагы бир нечеси процессте.

Ян өзүнүн өзгөргөндүгүнүн алгачкы жыйынтыгы катары ал үн режиссеру болуп иштеген театрдын кароолчуларынын ага жасаган реакциясын белгиледи:

«Алар менин эркектердин ажатканасына кирүүмө уруксат беришти», — деди Ян күлүп.

Сүрөт: Тимур Карпов/Times
Которгон: Родион Литвинов