Мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы добуштардын 82%ын алуу менен алдыда келе жатат.

Казакстандагы парламенттик шайлоонун болжолдуу маалыматтары президент Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы алдыда экенин көрсөтүүдө, деп билдирди «ТенгриНьюз» маалымат агенттиги.

Демократия институтунун директору Юлия Кучинская 20-марттан 21-мартка караган түнү 75 миң киши катышкан сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялады. Анын айтымында, «Нур Отан» партиясы үчүн шайлоочулардын 82%ы добуш беришкен.

Ошондой эле алдыңкы үчтүккө 7,22% добуш менен Казакстандын демократиялык партиясы жана 7,17% добуш менен Казакстандын коммунисттик партиясы да кирген. Бул эки партия тең 2012-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча дагы алдыңкы үчтүктө болушкан.

(function(d, s, id) { var js, fjs = d.getElementsByTagName(s)[0]; if (d.getElementById(id)) return; js = d.createElement(s); js.id = id; js.src = "//connect.facebook.net/ru_RU/sdk.js#xfbml=1&version=v2.3"; fjs.parentNode.insertBefore(js, fjs);}(document, 'script', 'facebook-jssdk'));

Студенты скандируют "Нурсултан" на стадионе

Похоже на репетицию празднования победы правящей партии Казахстана.Выборы, кстати, еще не прошли ¯_(ツ)_/¯

Опубликовано Настоящее Время 18 марта 2016 г.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев анын партиясынын жеңиши — «көп жылдык эмгектин жыйынтыгы» экенин айтты. Ал добуш берүү процесси мыйзамга ылайык өткөнүн кошумчалады.

«Казакстандыктар өлкөнүн багытын, партия тарабынан жарыяланган программаны жана реформаларды дагы бир жолу колдошту. Дүйнө коомчулугунун алдында биз ачык жана адилеттүү шайлоо өткөрдүк», — деп билдирди Назарбаев.

Казакстандагы добуш берүү процессине 817 эл аралык байкоочу жана чет өлкөлүк ЖМКлардын 147 өкүлү байкоо салышты.

Улуу Британиянын байкоочулар делегациясынын мүчөсү Алан Спенс «жогорку уюштуруучулукту жана мыйзам бузуулардын жоктугун» баалады.

«Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок. Шайлоо жакшы, жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп жатат», — деди ал.

«Президентчил» парламент

Алматылык талдоочу Толгонай Умбеталиева 2016-жылдын мартынын башында EurasiaNetке курган маегинде шайлоонун өтүшү менен Казакстанда эч нерсе өзгөрбөстүгүн жана президенттик партиянын өтө тургандыгын билдирген.

«Оппозициялык партиялардын шайлоого катышууга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугун эске алганда шайлоонун жыйынтыгы статус-квону сактоо болот: «Нур Отан» бийликтин айтканын кылган парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн алат, ага ошондой эле бийликчил башка партиялардын анча көп эмес өкүлдөрү кошулушат. Мыйзам чыгаруу органынын жаңы курамы толугу менен президентчил болот», — деген ал.

«Радио Свободанын» маалыматы боюнча, Казакстанда негизги көңүл алдыда келе жаткан «Нур Отан» партиясынын тизмесиндеги президенттин кызы Дарига Назарбаевага топтолгон.

Партиянын жеңишинен кийин ал парламент спикери болот деген сөздөр айтылууда. Бул анын Казакстандын президенти болуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жогорулатат.

Мөөнөтсүз шайлоо

Парламенттин төмөнкү палатасы (мажилис) менен жергиликтүү органдардын (маслихаттар) депутаттарынын мөөнөтсүз шайлоосу 20-мартта өттү.

Ал 2016-жылдын аягында өткөрүлүшү керек болчу, бирок депутаттар парламент өзүнүн «тарыхый миссиясын» аткарды деген чечимге келишип, 2016-жылдын январында анын тарагандыгы тууралуу жарыялашкан.

Мөөнөтсүз шайлоого алты партия катышты: Нур Отан, Казакстандын коммунисттик партиясы, Казакстандын демократиялык партиясы, «Бирлик» партиясы, Жалпы улуттук социал-демократтык партиясы, «Ауыл» элдик-демократиялык партиясы.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Куандык Турганкулов өлкө боюнча шайлоого жалпы 9 млн. 810 миң 920 шайлоочунун 77,1 пайызы катышканын, шайлоо бюллетендерин 7 млн. 564 миң 281 киши алганын билдирди.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы бүгүн, 21-мартта белгилүү болот.

Сүрөт: Казакстандын президентинин басма сөз кызматы