Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары талаштуу чек ара аймагындагы аскерлердин санын 20дан 8ге чейин азайтышты. БТР унаалары калтырылды. Бийликтин билдирүүсү боюнча, учурда чек арадагы абал туруктуу.

21-мартта Кыргызстандын чек ара кызматы чек аранын Кербен — Ала-Бука жолундагы Чаласарт тилкесинде турган аскерлердин саны эки тараптан тең 20дан 8ге чейин кыскартылганын билдирди.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесинде талаш-тартыш жаралган. Өзбекстан себептерин түшүндүрбөстөн эле аймакка өз аскерлери менен БРТ унааларын алып кирип койгон. Ага жооп кылып кыргыз тарап да аймакка аскерлери менен аскер техникасын жайгаштырган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Kloop.kgге БТРлер өз ордуларында калтырылганын билдирди.

«БТРлер өз ордуларында калтырылды. Кыргызстан аскер техникалары менен атайын бөлүктөгү аскерлерин өзбек тарап өзүнүкүн чыгаргандан кийин гана алып кетет», — деди ал.

Чек ара кызматы чек арадагы абал көзөмөлдө экенин жана укук коргоо органдары жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыктарын билдирди.

«Чек аранын аталган тилкесиндеги Кыргызстандын чек ара бөлүктөрү чек ара коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү санда», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.