Кыргызстан менен Өзбекстан өз аскер унаалары менен ондогон аскерлерин өлкөлөр ортосундагы чек аранын талаштуу аймагына жайгаштырышкан. Андагы кырдаал тууралуу эмнелердин белгилүү жана эмнелердин белгисиз экендиги жөнүндө Kloop.kgнин материалында.

Кыскача:

  • Өзбекстан Кыргызстандан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын аймагында оңдоо иштерин өткөрүү үчүн өз жумушчуларын өткөрүүнү өтүнгөн;
  • Кыргызстан андай иштерди кыргыз бийлиги жасашы керектиги менен түшүндүрүп, өзбек жумушчуларын өткөрүүдөн баш тарткан;
  • Кыргызстан баш тарткандан кийин Өзбекстандын бийлиги 18-мартта чек аранын талаштуу тилкесине эки БТР унаасы менен эки «КамАЗ» жана 35-40 чамалуу аскер кызматкерин жайгаштырган;
  • Кыргызстан дагы жооп кылып эки БТР унаасын жана аскер кызматкерлерин жайгаштырган;
  • Кыргызстандын ТИМи абалды түшүндүрүү өтүнүчү менен Өзбекстан бийлигине нота жөнөткөн;
  • Өзбекстан расмий түрдө аскерлер чек арага Нооруздун майрамдалышына байланыштуу жайгаштырылганын билдирген;
  • 21-мартта өлкөлөр чек арадагы аскерлеринин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу тууралуу макулдашууга келишти, бирок БТР унаалары чек ара тилкесинде калтырылды.

Кененирээк:

Өзбекстандын өтүнүчү

Кыргызстандын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Kloop.kgге чек аранын тосулушу Кыргызстанды да, Өзбекстанды да суу менен камсыз кылган Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына байланыштуу экенин билдирди.

Искандаров Өзбекстан оңдоо иштерин өткөрүү үчүн өз жумушчуларын суу сактагычтын аймагына өткөрүүнү өтүнгөндүгүн айтты. Бирок Кыргызстан андай иштер кылдат сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөрүлүшү керектиги менен түшүндүрүп, өзбек жумушчуларын өткөрүүдөн баш тарткан.

«Бардык документтер боюнча ал биздин аймак, ошондуктан оңдоо иштерин өткөрүү зарылдыгы жаралса, ал иштерди кыргыз тарап жасашы керек. Кыргызстандын аймагында жайгашкан объектилердеги оңдоо иштерин коңшулаш мамлекеттин өткөрүүсүнө жол берүүгө болбойт», — деди Искандаров.

Дипломатиялык чөйрөдөгү булак Kloop.kgге Өзбекстандын ал делегациясынын курамына 27 киши, анын ичинде айыл чарба жана суу чарба министринин орун басары, ички иштер министринин орун басары, Наманган облусунун чиновниктери менен Жер ресурстары боюнча улуттук комитеттин кызматкерлери кириши керек болгонун айтты.

Булактын маалыматына ылайык, делегация андан сырткары жергиликтүү калк үчүн окуу шаймандары, медикаменттер жана азык-түлүктөр бар болгон гуманитардык жүк алып өтүүнү каалаган.

Чек арадагы чыңалуу

Кыргызстан өзбек жумушчуларын өткөрүүдөн баш тарткандан кийин 18-мартта Өзбекстан «Маданият-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетине эки БТР унаасын, эки «КамАЗ» жана 35-40 чамалуу аскер кызматкерин жайгаштырган.

Ошол эле күнү Кыргызстан ТИМи чек арадагы тосмонуу алуу талабы менен Өзбекстан бийлигине нота жөнөткөн.

Кыргыз ТИМинин басма сөз катчысы Данияр Сыдыков өзбек тараптын аракети «кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды курчутушу мүмкүндүгүн» билдирген.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитети Өзбекстан жолду өлкөдө Нооруздун майрамдалышына байланыштуу жапканын расмий билдирген.

Кийинки күнү Кыргызстандын Чек ара кызматы Ала-Бука районунун Могол айыл аймагындагы чек арага эки БТР унаасын жана аскерлерин жайгаштырган.

21-мартта өлкөлөр чек аранын талаштуу жериндеги аскерлердин санын эки тараптан тең 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча макулдашууга келишкен, бирок аскердик техникалар өз ордуларында калтырылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Kloop.kgге Кыргызстан БТР унааларын өзбек тарап өз техникасын алгандан кийин гана чыгарып кетерин айтты.

Талаштуу суу сактагыч

Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы Советтер союзу таркап, Орто Азия өлкөлөрү эгемендүүлүккө жеткен мезгилден бери Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаштуу объект болуп келет.

Тараптар 1941-жылы курулган ал суу сактагычтын кимге таандык болушу керектиги боюнча бир пикирге келише элек.

Өзбекстан суу сактагыч Өзбек ССРинин каражатына жана өзбек жумушчулары тарабынан курулгандыктан, аларга таандык болушу керек деп эсептөөдө.

Өзбекстандын Наманган облусундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча адис Абдулхай Абдуллаев 2014-жылдын июлунда «Центразияга» курган маегинде Кыргыз ССРи анын курулушуна «каражат, жумушчу жана техника жагынан катышпаганын», андыктан «Өзбекстандын аны берүү ниети жок экенин» билдирген.

Кыргызстандын бийлиги суу сактагыч кыргыз тараптын аймагында жайгашкандыктан, ал талаш-тартыш макамына ээ эмес деп эсептейт.

«Өлкө башчылары кол койгон 1992-жылдагы келишим бар. Анда СССР таркагандан кийин союздук бюджеттин эсебинен курулган бардык объектилер кимдин аймагында жайгашса ошол мамлекеттин менчигине өтө тургандыгы так жазылган», — деди өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров Kloop.kgге.

КМШ өлкөлөрү тарабынан 1992-жылдын 9-октябрында кол коюлган «Өз ара укуктарды таануу жана менчик мамилелери көзөмөлдөө тууралуу» келишимде ар бир өлкөнүн аймагында жайгашкан менчик объектилер ошолорго тиешелүү боло тургандыгы жөнүндө жазылган.

«Тараптар алардын улуттук мыйзамдары менен алардын аймактарында жайгашкан жана мурда союздук баш ийүүдө болгон каржы ресурстарынын, ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, алардын түзүмдүк бирдиктери менен бөлүмдөрүнүн алардын менчигине өткөндүгүн өз ара таанышат», — деп жазылган ал келишимде.