Рэп-аткаруучу Мот — орусиялык Black Star Inc. лейблинин резиденти  — Бишкектеги Mansion түнкү клубунун ачылышында ырдады. Ырчы жергиликтүү күйөрмандарына өзүнүн «Наизнанку» деген аталыштагы жаңы альбомун тааныштырды.

Өзүнүн «Капкан» жана «Мама, я в Дубаи» хиттери менен белгилүү рэпер Мот гастролдук турунун алкагында 20-мартта Бишкектеги Mansion түнкү клубунун ачылышында өлкөдөгү жалгыз концертин өткөрдү.

IMG_0082

IMG_0073

Azbuka Morze альбому чыккандан кийин белгилүү болгон рэпердин аткаруусу бир сааттан ашык убакытка созулду. Концертке келгендер ырчынын эски ырлары менен катары «Наизнанку» жаңы альбомундагы чыгармаларын да уга алышты. Алардын арасында интернетте популярдуу болуп бара жаткан «В щепки» ыры да бар.

IMG_0080

IMG_0051

Залга толгон эл борбордун коногун кубануу менен тосуп алды. Билет сатып алууга жетишпей калгандар клубга акча берип кирүүгө аракет кылышты. Билети барлар — чоң кезек күтүүлөрдөн эртерээк өтүүгө умтулуп жатышты.

IMG_0187

IMG_0231

IMG_0104

Концерттин жүрүшүндө сахнага жакындап барууга мүмкүн болгон жок. Чогулгандар ар бир ырга сүйүнүп, рэперге кошулуп ырдаганга аракет кылышты.

«Эл абдан көп болду. Бардыгы анын күйөрмандары болгону менен өзүлөрүнүн “толук күүлөнбөгөндүгү” жакка жок. Мот 100%га берилип аткарды. Ал азамат. мага жакты», — деди көрүүчү Наргиза Дадажанова концерттен кийин.

IMG_0273

IMG_0078

Алишер Беккулов Моттун күйөрманы болуп эсептелбейт, бирок айтымында, ал анын концерттен «жалаң жакшы эмоцияларга ээ болушуна» тоскоол болгон жок.

Концертке баргандардын бири Алинага ырчы ырларын фонограмма менен аткарып жаткандай көрүнгөн, бирок жалпысынан ал дагы концертке ыраазы болгонун айтты.

IMG_0171

IMG_0230

Матвей Мельников — «Мот» — рэп-аткаруучу, Soul Kitchen музыкалык долбоорунун мурдагы катышуучусу, 2013-жылдын 1-мартынан бери Black Star Inc лейблинин артисти.

Моттун дебюттук альбому 2011-жылдын январында чыгып, Remote деген аталышка ээ болгон.

2012-жылдын февралында анын «Ремонт» деген аталыштагы экинчи альбому чыккан. Ага 11 трек кирген.

2013-жылы «Soul Kitchen» долбоорунан чыгып, Мот Black Star Inc лейблинин артисти болуп калган. Моттун ал лейблдагы алгачкы ыры «#МотСтелетЧоСели» деген аталышка ээ болгон. Ошол эле жылы артисттин «Чёрточка» аталышындагы үчүнчү альбому жарык көргөн.

Моттун «Наизнанку» деген жаңы альбому 14-мартта чыккан.

Автор: Даниил Ляпичев