Аксы районунун Кербен шаарындагы митингдин катышуучулары Өзбекстан менен болгон чек аранын тактала элек тилкеси боюнча талашка башка өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды кийлигишүүгө чакырышты.
Оппозициянын «бийликтин аракетсиздигине» каршы митинги 22-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында өттү. Түрдүү маалыматтар боюнча, ага 500дөн 2500гө чейин адам катышты.
Митингдин жыйынтыгында анын катышуучулары Эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдөн Өзбекстандын бул аракетин чек ара тууралуу кабыл алынган макулдашууларды бузуу деп табууну жана алардын талашка кийлигишүүсүн өтүнгөн резолюция кабыл алышты.
«Биз эл аралык уюмдар менен БУУга ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап келген жерибизди тартып алууга жол бербей турганыбызды ачык билдиребиз жана аларга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда ачык жаңжалдын чыгышына жол бербөө өтүнүчү менен кайрылабыз», — деп жазылган резолюцияда.
Чек аранын талаштуу тилкесиндеги чыңалуу Кыргызстан өзбек жумушчуларын Орто-Токой суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн өткөрбөй койгондон кийин пайда болгон. Жооп катары Өзбекстан ал аймакка аскер кызматкерлери менен аскер техникасын киргизген. Өз кезегинде Кыргызстан да ошондой эле кадамдарга барып, аскерлери менен эки БТР унаасын чек арага жакын жерге жайгаштырган.
Мындай абалдын түзүлүшүнө оппозиция биринчи кезекте мурдагы жана азыркы бийликтерди айыпташты. Алардын пикирлеринде, өкмөт коңшу өлкөлөр менен сырткы саясатты жөнгө сала алган эмес.
Өз кезегинде премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов Kloop.kgге Өзбекстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын жана өкмөт башчысы Темир Сариев чек ара маселелерин дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырып жатканын айтты.
«Азыркы тапта тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр бул маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышат», — деди ал.
Митингдин катышуучулары абалды тынчтык жол менен чечүү үчүн бийликтен Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго кайрылууну талап кылышты.
Аксыдагы митинг
Аксы районунун Кербен шаарындагы митинг 22-март күнү саат 11:00дө башталып, саат 14:00дө аяктады. Түрдүү баалоолор боюнча, акцияга 500дөн 2500гө чейин киши катышты.
Митингге башкалар менен катар «Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев жана Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов катышышты.
Премьер-министр Темир Сариев митингдин катышуучулары менен сүйлөшүп, Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстан менен болгон талашты чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөргө кайрылганын айтты.
«Тактала эле тилкелер эл аралык стандарттарга ылайык аныкталышы керек жана ал талапты эч ким бузбашы керек. Азыр бизден бир нерсени талап кылып жатышат – так маалыматты берүү. Бирок мамлекеттик иштерде биз айта албаган маселелердин бар экенин түшүнүү керек. Бизде чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө бардык зарыл документтер бар», — деп билдирди Сариев.
Өкмөт башчысы Кыргызстан «бир сантиметр жерин да» эч кимге бербестигин кошумчалады. Ал ошондой эле «чек ара маселесин чечүүгө жамынып митингдерди өткөрүү — бул чыккынчылык» деди.
«Митингдерге эч ким тыюу салбайт […] Келгиле ичтен чыккан душман болбойлу, биз бирдиктүү болушубуз керек. Баш кошпосок биз сырткы саясий маселелерди чече албайбыз», — деди Сариев.
Мурдагы башкы прокурор, учурда оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров бийлик чек ара аймагындагы көйгөйдү чече албагандыгын, ошондуктан бул ишке Орусиянын президенти Владимир Путин менен дүйнө коомчулугу кийлигишүүсү керектигин билдирди.
«Биздин бийлик жакшы саясат жүргүзө алган жок. Бул [Чаласарт аймагындагы чек аранын талаштуу тилкеси] кыргыздарга таандык, аныкталган тилке. Мында аны талаш тилке деп айта тургандар барбы?» — деди ал.
Митингдин уюштуруучуларынын бири Адил Турдукулов сөз сүйлөп жаткандардан микрофонду тартып алууга аракет кылган чагымчылдардын аракеттеринен улам соңунда митингдеги абал чыңалып кеткенин айтты.
Анын айтымында, бул митинг — 24-мартта Ошто өтө турган «элдик курултайдын биринчи фазасы».
Чек арадагы чыңалган абал
Чек ара талашы 18-мартта, Өзбекстан чек аранын тактала элек аймагына аскерлерин, эки БТР унаасын жана эки КамАЗ киргизгенден кийин башталган.
Бул Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон. Кыргызстан баш тартуусун андай иштер алдын ала сүйлөшүүлөрдөн кийин жүргүзүлүшү керектиги менен түшүндүргөн.
Өзбекстандын өкмөтү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин чек арадагы тосмолорду алуу талабы жазылган нааразычылык нотасына карата эч кандай реакциясын билдирген эмес. Андан соң 19-мартта Кыргызстан чек арага эки БТР унаасын жана аскерлерин жайгаштырган.
20-мартта тараптар андагы аскерлеринин санын 20дан 8ге чейин азайтуу боюнча бир пикирге келишкен. 22-мартка карата андагы абал өзгөрүүсүз бойдон — чек арага жакын жерде аскерлери менен аскер техникалары турат.