Завентем шаарындагы брюссель аба майданында эки жардыруу болду. Дагы бир жардыруу метродо орун алды. Азырынча алардын себептери белгисиз. Жарылуулардын натыйжасында кеминде 21 киши каза болуп, дагы 25ке жакыны жаракаттарды алышты.

Жардыруулар 22-мартта, болжол менен эртең мененки саат 8де (Бишкек убактысы боюнча 13:00дө), Бельгиянын борбору Брюсселдин түндүк-чыгышында, андан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан Завентем шаарындагы эл аралык аба майданда болду.

Азырынча каза болгон жана жаракат алгандардын саны боюнча расмий маалыматтар жок. Sky News телеканалы кырсык болгон жердеги көрүнүштөрдү түз алып көрсөтүүдө.

Голландиянын NOS радиостанциясы 11 киши каза болуп, дагы 25и жаракат алгандыгын кабарлады. «Дождь» телеканалы 14 адам мерт болгонун билдирди. Ал ортодо ТАСС маалымат агенттиги өрт өчүрүүчүлөргө шилтеме жасоо менен каза болгон 17 киши тууралуу жазды.

Жардыруулардан кийин аба майдандагы адамдар коопсуз жерге чыгарылышып, андагы каттамдар токтотулду. Аба майданды шаардын борбору менен байланыштырып турган поезддердин кыймылы да токтотулду.

Азырынча жарылуунун себептери белгисиз. Бельгиянын VRT телеканалынын өлкө өкмөтүндөгү булагы жарылуу — террорчул чабуулдардын жыйынтыгы экенин билдирген.

«Рейтер» агенттиги Бельгиянын Belga басылмасына шилтеме жасоо менен жарылуулардын алдында ок атуулар жана араб тилиндеги кыйкырган үндөр угулганын билдирүүдө.

iTELE басылмасы билдиргендей, болжолдуу маалыматтар боюнча, аба майдандан жарылбай калган дагы бир бомба табылган. Жарылган эки бомба Brussels Airlines жана American Airlines түркүктөрүнө орнотулган.

«Рейтердин» маалыматы боюнча, үчүнчү жарылуу эртең мененки саат 9да (Бишкек убактысы боюнча түшкү саат 2де) Маэлбеек метро станциясында болгон. Учурда ал жакта адамдарды коопсуз жерге чыгаруу иштери жүрүп жатат, а станциянын өзү жабылган.

Сүрөт: «Твиттер» PaulineArmandet
Сүрөт: «Твиттер» PaulineArmandet

VRT телеканалы жардыруу жанкечти тарабынан жасалганын билдирүүдө. ТАСС менен Sky Newsтун билдирүүсү боюнча, метродогу жарылуудан 10 киши каза болгон. AFP жаңылыктар агенттиги каза болгон 15тен аз эмес киши тууралуу кабарлоодо. Азырынча каза болгондордун саны боюнча расмий маалыматтар жок.

Телеканал саламаттыкты сактоо министрине шилтеме жасоо менен метродо азыркыга чейин коопсуз жайга алынып чыгарыла элек адамдар бар экенин билдирүүдө.

Париждеги терактка шектелгендердин кармалышы

Жардыруулар 2015-жылдын ноябрында Парижде болгон теракттарды жасоого шектелгендердин бири Салах Абдеслам колго түшүрүлгөн Брюсселдеги операциядан төрт күн өткөндөн кийин болууда.

19-мартта Бельгиянын прокуратурасы ага карата теракт жасоо, адам өлтүрүү жана террорчул уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу боюнча расмий айып таккан.

Абдеслам — Париждеги теракттарды жасоого айыпталып, полиция тарабынан кармалган алгачкы шектүү эмес. 19-ноябрда Париждин четиндеги Сен-Дени шаарчасындагы атайын операциянын жүрүшүндө укук коргоо органдары дагы беш шектүүнү колго түшүргөн болчу.

Өткөн жылдын 13-ноябрынан 14-ноябрына караган түнү Парижде бир канча теракт болгон. Футбол боюнча Франция жана Германия курамаларынын ортосунда беттеш өтүп жаткан «Стад де Франс» стадионунун айланасында үч жардыруу болгон. Ошол эле маалда 10чу жана 11-округдарда террорчулар көчөдө жүргөндөрдү жана ресторандардын биринин кардарларына каршы ок чыгарышкан.

Андан сырткары кол салгандардын тобу америкалык Eagles of Death Metal тобу ырдап жаткан «Баталкан» концерттик залындагыларды барымтага алышкан.

Анда жалпысынан 130 киши каза болгон. Теракттар үчүн жоопкерчиликти эл аралык экстремисттик «Ислам мамлекети» тобу алган.

Сүрөт: «Твиттер» @wardmarkey