«Манас» аба майданы Брюсселдин аба майданы менен метросундагы жардыруулардан улам авиациялык коопсуздук чараларын күчөттү.

22-мартта Брюсселдеги Завентем аба майданында болгон жардыруулардан кийин «Манастын» басма сөз кызматы өз сайтына жүргүнчүлөр менен жүктөргө болгон талаптардын тизмесин жарыялады.

Талаптарга ылайык, жүргүнчүлөргө кимдир бирөөнөн багажды, буюмдарды кабыл алуу жана өз буюмдарын кароосуз калтыруу, ошондой эле узатууга өзү менен бирге көп киши алып келүү сунушталбайт.

Андан сырткары аба майдан коопсуздук максатында көзөмөл жол-жоболорунан өтүү үчүн каттоого эртерээк келүү кеңешин берүүдө.

Жарылуулар Бельгиянын борбору Брюсселге жакын жайгашкан Завентема аба майданында 22-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8де болгон. Анда эки бомба жарылган, андан соң жарылбай калган дагы бир бомба табылган.

Жарылуулардан кийин аба майдандагы адамдар коопсуз жерге чыгарылып, андагы аба каттамдары, ошондой эле аба майдан менен шаардын борборун байланыштырып турган поезддердин кыймылы да токтулган.

«Рейтер» агенттигинин маалыматы боюнча, дагы бир жардыруу Маэлбеек метро станциясында орун алган. Учурда ал станция жабык.

Жалпысынан үч жардыруудан кеминде 21 киши каза болгон.