«Оппозиционерлердин» бийликти басып алууну пландаштырып жаткандыктары жазылган аудиожазуу BulBul видео-хостингинде 22-мартта пайда болгон. Болжолдуу түрдө, анда Оштогу курултайдын уюштуруучулары Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Дуулатбек Турдуналиевдин үндөрү жазылган. ИИМ учурда жазуунун аныктыгын текшерип жатат.

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана Убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы жардамчысы Дуулатбек Турдуналиев өлкөнүн бардык облустарында митингдерди уюштурууну талкуулап жатышат делинген аудиожазуу BulBul видео-хостингинде пайда болгон.

Жазуунун стенограммасына ылайык, «Турдуналиев» кесиптештерин бийликти жакынкы күндөрү басып алууга чакырган.

«Коркпогула, алды артыңарды карбагыла. Маалымат биринчи кимге жетет, билесизби? СНБга [Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет — ред. түшүндүрмөсү] жетет. СНБдан милицияга, анан бүттү… бүт жакка урат. Анан радиолордон кетет. Уксаң, эгер баса алсаң ал сеники. Эгер кире албасан, анда кечирип кой», — деп айтылат жазууда.

Алдыдагы митингдерди талкуулоодон сырткары жазууда бир канча жолу тилденген сөздөр айтылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Kloop.kgге аудиожазуунун аныктыгын эксперттер текшерип жаткандыктарын билдиришти. Кызматтын өкүлүнүн айтымында, эгер ал жазуу анык болуп чыкса, анда иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен прокуратурага берилет.

«Биз тараптан азыр ал видеодогу үндөрдүн аныктыгын текшерүү иштери жүрүп жатат. Аны менен эксперттер алектенишет. Азырынча анын канча убакыт талап кылаар белгисиз», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов Zanozaга курган маегинде бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөшүү тууралуу маалыматты четке кагып, анын «монтаж» экенин билдирген.

«Бизди угуп жаткандыктарын жакшы билебиз да. Билип туруп андай деп жарыялоо үчүн жинди болуш керек го. Биз митингдер менен курултайларды талкуулап, бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керектигин белгилеп жатабыз», — деген Асанов.

Кубанычбек Кадыров дагы ушундай эле пикирде жана аудиожазууну чагымчылдык деп эсептейт.

«Эсиңерде болсо, Атамбаев тууралуу да видео пайда болуп, анда ал Түркияда мейманканаларды кургандыгы жана балдары ал жакка сойкуларды жөнөтүп жаткандыктары айтылган», — деп билдирген ал K-News агенттигине курган маегинде.

Бирок бул интернетке жарыяланган жалгыз аудиожазуу эмес. Аксыдагы митингди уюштуруу боюнча «координациялык кеңештин» жыйыны болуп жаткандагы дагы бир сүйлөшүү жазылган аудиожазууда Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров кесиптештери менен митингди уюштуруу боюнча талкуу жүргүзүшөт.

Бекназаров Kloop.kgге курган маегинде Асанов жана Кадыров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн ырастады. Анын айтымында, алар курултайды уюштурууну талкуулашкан.

«Мен көптөгөн саясатчылар менен сүйлөшөм, анын ичинде бийлик өкүлдөрү менен да. Бектур [Асанов] жана Кадыров менен дагы. Алар бүгүн митингде болуп сөз сүйлөштү. Акыркы жолу биз курултайды кантип өткөрүүнү талкуулаганбыз, бирок анда башка адамдар да бар болчу. 14-мартта болгон жана Нарында жана башка шаарларда өтө турган митингдерге менин тиешем жок», — деди ал.

Оппозициянын митинги

Оппозициянын митинги 22-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында өттү. Түрдүү маалыматтар боюнча, ага 500дөн 2,5 миңге чейин киши катышты. Акциянын катышуучулары бийликтен кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча чаралардын көрүлүшүн талап кылышты.

Жыйынтыгында алар эки өлкө ортосундагы талашка эл аралык уюмдар менен биримдиктердин, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кийлигишүүсүн өтүнүшкөн резолюцияго кол коюшту.