22-мартта Ош облустук ИИБси Ош шаарынын борбордук аянтына алдыдагы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо коопсуздукту камсыз кыла турган үч миң милиция кызматкери менен эки миңге жакын элдик кошуун өкүлдөрүн чогултту.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков Kloop.kgге курган маегинде укук коргоо органдарын 27-мартта боло турган шаардык кеңешти шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга даярдап жаткандыктарын айтты.

«Бул жыл сайын белгилүү бир саясий акциялардын алдында жасалат. Жакында [жергиликтүү кеңештин депутаттарын] шайлоо», — деди ал.

Сыдыков иш-чара оппозициянын 24-мартка белгиленген митингине таптакыр тиешеси жоктугун билдирди. Анын айтымында, чогулушта милиционерлерге учурда кимдердин издөөдө экендиги тууралуу «маалымат берилди».

«Мен муну митингге байланыштуу деп айтпайм. Алар [митингдин уюштуруучулары] келип, митинг өткөрүшөт да кетишет. Коомдук тартипти бузуу болбойт деп ойлойм. Эгер мыйзам бузуу учурлары болсо алар жоопко тартылышат», — деп ишендирди басма сөз катчы.

Оппозициянын түштүктөгү митинги

22-мартта оппозиция өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында митинг өткөрүштү. Милициянын маалыматы боюнча, ага 700 киши катышты, ал эми уюштуруучулар эки жарым миң катышуучу болгонун билдирип жатышат.

Акция өткөрүүгө кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагындагы абал себеп болгон. 18-мартта ал аймакка Өзбекстан эки БТР унаасын, эки КамАЗ жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин алып кирген. Жооп катары Кыргызстан да чек арага аскер техникасы менен аскерлерин жайгаштырган.

Тема боюнча:  Аксы: Митинг катышуучулары Өзбекстан менен болгон чек ара талашына башка өлкөлөрдү кийлигишүүгө чакырышты

Оппозициялык кыймылдын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Азимбек Бекназаров баш болгон митингде сөз сүйлөгөндөр бийликтен абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылышты.

Жыйынтыгында митингдин катышуучулары эл аралык уюмдар менен бирикмелерди, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талашка кийлигишүүгө чакырган резолюция кабыл алышты.

Сүрөт: «Азаттык»