Премьер-министр Темир Сариев Өзбекстан менен болгон чек аранын чыңалуу жаралган аймактарындагы жергиликтүү жашоочулар менен жолукту. 

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун жашоочулары менен жолукту — бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты «коомдук-саясий абалды талкуулоо, мамлекеттик чек аранынын коопсуздугу жана бекемделиши» болду. Сариев чек ара маселеси чечиле тургандыгын, бирок «ага убакыт жана дипломатиялык ык-амал керек экенин» белгиледи.

«Чек ара маселелерин чечүяүдө биз мыйзамдуу жолдор менен аракет кылышыбыз керек. Митингдер менен пикеттерди өткөрүүгө шылтоо издеп кереги жок», — деди ал.

Премьер-министр түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча Кыргызстандын ТИМи менен макулдашылган 16 бөлүктөн турган кыска мөөнөттүү иштердин планы иштелип чыкканын кошумчалады.

Премьердин аймакка болгон бир күндүк иш-сапары кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдын чыңалуусунун фонунда болууда.

18-мартта Өзбекстан чек аранын Аксы районунун Чаласарт аймагындагы талаштуу тилкесине эки БТР унаасын, эки КамАЗ жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин жайгаштырган.

Өзбекстан мындай кадамга Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычында оңдоо иштерин өткөрүү үчүн өзбек жумушчуларын өткөрбөй койгондон кийин барган.

Тема боюнча: Өзбекстан менен болгон чек арадагы чыңалуу тууралуу эмнелер белгилүү?

Кыргызстан ТИМи ошол эле күнү чек арадагы тосмону алуу талабы менен өзбек өкмөтүнө нааразычылык нотасын жөнөткөн. Бирок ага эч кандай жооп болгон эмес. Кийинки күнү Кыргызстан дагы чек арага эки БТР унаасы менен аскер кызматкерлерин жайгаштырган.

Тараптар 20-мартта андагы аскер кызматкерлеринин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча макулдашууга келишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, «Кыргызстан БТР унааларын өзбек тарап өз аскер техникаларын чыгарып кеткенден кийин алат».

Ал Kloop.kgге чек арадагы абал 22-мартка карата өзгөрүүсүз экенин билдирди — чек арага жакын жерде эки тараптан тең 10го жетпеген аскерлери жана экиден БТР унаалары турушат.

Кыргызстандын демилгеси менен бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз сессиясы өтөт. ЖККУга Кыргызстандан сырткары Орусия, Тажикстан, Казакстан, Беларус жана Армения кирет.