Ош облусунун милициясы чек аранын талаштуу тилкесинен «өзбек аскерлерин кубалап чыгуу» чакырыгы айтылган видеонун авторлоруна каршы кылмыш ишин козгоду.

Бир мүнөттүк видонун авторлору 20-мартта кармалышкан. Видеодо алар Өзбекстан менен болгон чек ара талашын чечүү үчүн жаштарды Жалал-Абад облусунун Аксы районуна барууга чакырышкан.

Видеодо унаа башкарып бара жаткан адам «өзбек аскерлери Аксы жерин басып алгандыктан» Аксыга бара жатканын билдирген. Анын айтымында, аны менен бирге ал тарапты көздөй дагы 200 киши багыт алган.

«Президенттерди, депутаттарды күтүп эмне кереги бар? Өзбек аскерлерин биз өзүбүз эле кууп чыгабыз. Эл үчүн, жер үчүн күйгөн патриот жигиттер бар, алга! Аксыдан көрүшөбүз! Алга! Мекен үчүн!» — деген ал видеодо.

Ош облустук ИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү Жанна Сатарбаева Kloop.kgге курган маегинде кармалгандарга каршы Кылмыш кодексинин 234чү, «бейбашчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Кылмыштын мүнөзүнө жараша аларга карата айып пул төлөө, коомдук жумуштарды аткаруу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары берилиши мүмкүн.

Бул иш боюнча Ноокат районунун 1986-жылы туулган эки жашоочусу айыпталууда. Сатарбаеванын айтымында, алардын видеодо айткан нерселерди жасоо ою жок болгон.

«Чынында алар Ноокат районунан Аксыга эмес, а Кызыл-Кыяны көздөй багыт алышкан. Ал жолдо баратып өз ара сүйлөшүшүп, аны видеого тартуу чечимине келишкен. Бирок алар видеонун мындай натыйжага ээ болорун күтүшкөн эмес», — деди ИИБнин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде.

Сот өкүмү чыкканга чейин кармалгандарга белгилүү бир аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы белгиленди. Алардын видеосу алынды, бирок басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, ал интернетке жайылып кеткен.

Милиция улуттар аралык кастыкты козутуу чакырыгын жасаган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыктарын эскертти.

Чек арадагы чыңалган абал

Чек ара талашы 18-мартта, Өзбекстан чек аранын тактала элек аймагына аскерлерин, эки БТР унаасын жана эки КамАЗ киргизгенден кийин башталган.

Бул Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон. Кыргызстан баш тартуусун андай иштер алдын ала сүйлөшүүлөрдөн кийин жүргүзүлүшү керектиги менен түшүндүргөн.

Өзбекстандын өкмөтү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин чек арадагы тосмолорду алуу талабы жазылган нааразычылык нотасына карата эч кандай реакциясын билдирген эмес. Андан соң 19-мартта Кыргызстан чек арага эки БТР унаасын жана аскерлерин жайгаштырган.

20-мартта тараптар андагы аскерлеринин санын 20дан 8ге чейин азайтуу боюнча бир пикирге келишкен. 22-мартка карата андагы абал өзгөрүүсүз бойдон — чек арага жакын жерде аскерлери менен аскер техникалары турат.