22-мартта УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов менен мекеменин дагы бир кызматкерин кармады. Атайын кызматтагылардын билдирүүлөрү боюнча, кармалган жарандар эки унаага мыйзамсыз ээ болушуп, анын ээсинен жарым миллион сом талап кылышкан.

22-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсү боюнча, Шериповго каршы арыз 12-мартта жазылган. Аты-жөнү айтылбаган жаран Шериповго карата чара көрүү өтүнүчү менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылган.

Жабырлануучунун айтымында, чиновник жалпы баасы 7 миң АКШ долларын түзгөн эки автоунаага мыйзамсыз ээ болуп, андан 550 миң сом талап кылган.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Шерипов МККнын башка кызматкери менен бирге аракеттенгенин билдирүүдө.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайда камакта. Аларга каршы Кылмыш кодексинин 170-беренеси менен каралган «пара талап кылуу» жана 353-беренеси менен каралган «өзүмбилемдик» боюнча кылмыш иши козголду.

Мамлекеттик каттоо кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына коррупцияга каршы күрөшүүнү колдой тургандыктарын билдиришти.

«Биз УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жыйынтыктуу ишин кубаттайбыз», — деди мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын буга чейинки, 2016-жылдын февралындагы чуулгандуу колго түшүрүү операциясы чоң жаңжал менен коштолгон.

Анда Мамлекеттик медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкарим Гапаровду пара алып жаткан жеринен колго түшүрүү аракети маалында ал каза болгон. Расмий маалыматтар боюнча, анда анын жүрөгү кармаган.

Гапаров кызмат абалын кыянат пайдаланган жана 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деп шектелип жаткан.

Бирок ал каза болгондон кийин анын денесинен көгала тактар табылган. Анын туугандары атайын кызматтагылар Гапаровду сабашып, ал анын өлүмүнө алып келгенин билдирип чыгышкан.

Аскер прокуратурасы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Гапаровду колго түшүрүү операциясына катышкан кызматкерлерине каршы Кылмыш кодексинин 305-беренеси менен каралган «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» боюнча кылмыш ишин козгогон.