Элдик жыйындын уюштуруучулары Өзбекстан менен болгон чек арадагы абалга байланыштуу жана бийлик менен криминал тараптан чагымчылдыктардын болушу ыктымалдыгынан улам оппозициянын курултайын өткөрбөө чечимине келишти.

Оппозициянын 24-мартка белгиленген Оштогу курултайы өтпөй турган болду. Бул тууралуу Kloop.kgге элдик жыйындын уюштуруучуларынын бири Адил Турдукулов билдирди.

Ал курултай башка күнгө жылдырылбагандыгын, а «[Өзбекстан менен болгон чек арадагы] кооптуу абалда бийликке ашыкча жолу шылтоо жаратпаш үчүн аны өткөрбөй коюу чечим кабыл алынганын» тактады.

Турдукулов ошондой эле оппозиция 22-мартта Оштун аянтына тизилген үч миң милиция кызматкерин эскертүү катары кабыл алганын белгиледи.

«Ал албетте көрсөткүчтүү акция болду, биринчи кезекте оппозиция үчүн. Ошко келбегиле, келсеңер [президент Алмазбек] Атамбаевдин өзүнүн нааразычылык акциясына чыккандарды таш менен ургула деп айткан чакырыгындай анда чынында эле бизди күч колдонуу чаралар күтүп турат дегендей», — деди ал.

Турдукуловдун айтымында, оппозиция ошондой эле криминал тараптан жасалышы мүмкүн болгон чагымчылдыктардан кооптонууда. Ал 22-мартта Аксы районунун Кербен шаарында өткөн курултайда да ошондой чагымчыл аракеттер болгонун айтты.

Ал уюштуруучулар Аксыдагы нааразычылык акциясында кабыл алынган резолюциянын аткарылышына көз салып тура турган координациялык кеңеш түзө тургандыктарын кошумчалады.

Аксыдагы курултай

22-мартта Аксы районунун Кербен шаарында оппозициянын лидерлеринин катышуусунда курултай өткөн. Ага ошондой эле премьер-министр Темир Сариев дагы барып, Өзбекстан менен болгон чек ара маселелерин чечүүнү жамынып алып митинг өткөрүүнү чыккынчылык деп атаган.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, ал акцияга 2,5 миңден ашык киши, а милициянын маалыматы боюнча — 700дөн ашпаган киши катышкан.

Курултайдын жыйынтыгында оппозиция тарабынан Өзбекстандын аракетинин чек ара боюнча кабыл алынган келишимдерди бузуу катары таанылышын жана эл аралык биримдиктер менен башка өлкөлөрдүн талашка кийлигишүүсүн өтүнгөн резолюция кабыл алынган.