Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөр эки тараптын тең аскер кызматкерлери жайгашып тургандыктан улам чыңалуу жагдайы жаралган кыргыз-өзбек чек арасындагы абалга «тынчсызданууларын билдиришти».

22-мартта Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУга мүчө өлкөлөр  кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды талкуулашып, «кырдаалдын курчушуна тынчсызданууларын билдиришти». Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө.

Кыргызстандын уюмдагы туруктуу жана толук ыйгарым укуктуу өкүлү Аман Мамбетсеитовдун баяндамасынан кийин ЖККУнун мүчөлөрү окуянын өнүгүүсүнө көз салуу чечимин кабыл алышты.

Сүйлөшүүлөргө Өзбекстан катышкан жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Токон Мамытов «Вести.kgге» курган маегинде иш жүзүндө Өзбекстан уюмдун катышуучусу болуп эсептелбестигин, бирок документтер боюнча ага мүчө экенин айткан.

«Уюмдан чыгуу үчүн ЖККУнун катчылыгына расмий билдирүү жөнөтүү керек, бирок Өзбекстан тараптан андай аракет болгон эмес», — деген Мамытов.

Уюмдун жыйыны бүгүн, 23-мартта уланат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу

18-мартта Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт аймагындагы чек аранын тактала элек тилкесине эки БТР унаасын, эки КамАзын жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин жайгаштырган.

Бул Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин  өзбек өкмөтүнө чек арадагы тосмолорду алуу талабы жазылган нааразычылык нотасын жөнөткөн. Бирок ага эч кандай жооп болгон эмес. Эртеси Кыргызстан чек арага жакын жерге эки БТР унаасын жана аскерлерин жайгаштырган.

Тараптар 20-мартта андагы аскер кызматкерлеринин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча макулдашууга келишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, «Кыргызстан БТР унааларын өзбек тарап өз аскер техникаларын чыгарып кеткенден кийин алат».

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге 22-мартка карата абал эч өзгөрүүсүз экенин билдиришкен — чек арага жакын жерде эки тараптан тең 10го жетпеген аскерлери жана экиден БТР унаалары турушат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) — бул курамына КМШнын сегиз өлкөсү кирген аймактык эл аралык уюм.

Уюмдун максаттары катары ага мүчө өлкөлөрдөгү тынчтыкты, туруктуулукту бекемдөө жана алардын эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу айтылат.

Уюмдун уставында эгер өлкөлөрдүн бири башка бир мамлекеттердин агрессиясына туш болсо, ал уюмга мүчө бардык өлкөлөргө жасалган агрессия катары карала тургандыгы жазылган. Өз кезегинде ал өлкөгө уюм тарабынан бардык керектүү жардам, анын ичинде аскердик жардам да берилет.

Учурда ЖККУга Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Кыргызстан кирет.