Чүй облусунун жергиликтүү жашоочулары үч аялдын сөөгүн табышты, алардын бирөөсүнүн боюнда бар болгон. Ал жерге барган милиция кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

Жергиликтүү жашоочулар Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Киргшелк айылындагы үйлөрдүн биринен үч аялдын сөөгү табылды. Аныкталгандай, алардын бирөөсү кош бойлуу болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБсинен кабарлашты.

Окуя болгон жерге барган милиционерлер аялдардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүктөрүн аныкташкан. Өлтүрүлгөндөр ал үйдүн ээлери болушкан.

«Үч сөөк табылды. [Каза болгондордун] бирөөсү 1952-жылы, экинчиси — 1962чи жана үчүнчүсү — 1992-жылы туулган. Болжол менен акыркысынын боюнда бар болгон», — деди басма сөз кызматтын өкүлү Асылбек Токтонушев.

Анын айтымында, аялдардын денелеринен болжолдуу түрдө бычактан алган жаракаттары табылган.

Басма сөз катчы азырынча өлтүрүлгөндөрдүн үйүнөн бир нерсе жоголгон-жоголбогондугу боюнча маалымат жок экенин кошумчалады. Алардын денелери өлүк сактоо жайына жеткирилди.

2015-жылдын августунда Бишкектин 5-кичи районундагы таштанды челектердин биринде эркек адамдын дене мүчөлөрү табылган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында, милиция ал адамдын аялын кармаган. Кийин ал күйөөсүн бычак менен сайып, андан соң анын денесин бөлүктөргө бөлүп, шаардын ар кайсыл жерине таштаганын мойнуна алган.