22-мартта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды кыргыз-өзбек чек арасындагы өзбек жарандарына тиешелүү талаштуу тилкелерди өздөштүрүүгө айыптаган нота жөнөттү.

22-мартта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз кесиптештерине кыргыз тарап Өзбекстандын жарандарына тиешелүү болгон жерлерди өздөштүрүп жатканын билдирген нота жөнөттү.

«Министрлик өзбек тараптын бир канча жолку кайрылууларына карабастан Кыргызстандын өкүлдөрү бир тараптуу негизде Өзбекстандын жарандарына тиешелүү болгон жана өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкесинде жайгашкан жер тилкелерин өздөштүрүп жатканын өкүнүү менен билдирет», — деп жазган Өзбекстан ТИМи.

Билдирүү кыргыз дипломаттарынын Ала-Бука районундагы жолдогу тосмолорду алуу жана чек аранын талаштуу Чаласарт аймагынан аскерлери менен техникасын чыгарып кетүү талабы менен жөнөткөн нааразычылык нотасына жооп катары жасалды. Бирок өзбек дипломаттары өз аракеттерин Нооруздун майрамдалышына байланыштуу жыл сайын мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кыла тургандыктары менен түшүндүрүүсүн улантууда.

«Өзбекстан «Ноорузду» майрамдоонун алдында жыл сайын коопсуздук чараларын көрүп, коомдук тартипти камсыз кылуу аракеттерин көрө тургандыгына көңүл бурдургусу келет. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо комитети өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө жана алар тууралуу кыргыз тараптын чек ара өкүлчүлүктөрүнө маалымат берилген», — деп жазды Өзбекстан ТИМи.

Кыргызстандын Ташкы иштер министрлиги өзбек тарап өз аракеттерин кыргыз тарап менен макулдашпастан жана алдын ала билдирбестен туруп жолду тосуп алганын билдирген.

Кыргызстан тактала элек Чаласарт тилкесинен өзбек аскерлеринин чыгарылышы керектигин билдирип, алардын ал жакта турушун «мыйзамсыз» деп атоодо.

Өзбекстан ТИМи кызматташууга ылайыктуу шарттарды түзүү үчүн чарларды көрүү талабы менен бир канча жолу кайрылганын билдирди. Кыргызстандын ТИМи өзбек тарап такта элек чек ара тилкесинен аскер күчтөрү менен аскер техникаларын чыгарып кеткенден кийин гана конструктивдүү диалогго даяр болорун билдирген жооптуу нота жөнөттү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу

18-мартта Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт аймагындагы чек аранын тактала элек тилкесине эки БТР унаасын, эки КамАзын жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин жайгаштырган.

Бул Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин  өзбек өкмөтүнө чек арадагы тосмолорду алуу талабы жазылган нааразычылык нотасын жөнөткөн. Бирок ага эч кандай жооп болгон эмес. Эртеси Кыргызстан чек арага жакын жерге эки БТР унаасын жана аскерлерин жайгаштырган.

Тараптар 20-мартта андагы аскер кызматкерлеринин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча макулдашууга келишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, «Кыргызстан БТР унааларын өзбек тарап өз аскер техникаларын чыгарып кеткенден кийин алат».

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге 24-мартка карата андагы абал эч өзгөрүүсүз экенин билдиришти — чек арага жакын жерде эки тараптан тең 10го жетпеген аскерлери жана экиден БТР унаалары турушат.