Футбол боюнча Кыргызстан курамасы 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт. Курама өз тайпасынан чыга алган жок.

24-мартта өткөн Австралия менен Иордания курамаларынын оюндары Кыргызстанды 2018-жылы Орусияда өтчү дүйнө биринчилигине катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

Австралия Тажикстанды 7:0 эсебинде утса, Иордания Бангладешти 8:0 менен жеңип алды.

Футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстан курамалары тандан алуу оюндарынын B тайпасынын алкагындагы акыркы беттешин 29-мартта өткөрүшөт. Ошол эле күнү тайпадагы биринчи орун үчүн Австралия менен Иордания өз ара ойношот.

Кыргыз жана тажик курамаларынын ортосундагы беттеш турнирдик жадыбалга өзгөртүү киргизбейт — Кыргызстан командасы үчүнчү орунда калып, 2018-жылы Орусияда өтчү дүйнө чемпионатына өтпөй калат. Кыргыз курамасы дүйнө чемпионатына баруу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу үчүн экинчи орундан төмөн болбошу керек болчу.

Жети оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын эсебинде 11 упай  бар. Австралияда — 18, Иорданияда — 16. Тажикстандын эсебинде 5, а Бангладеште 8 оюндун жыйынтыгында 1 упайы бар.

Тандап алуу беттештеринин жыйынтыгы менен Кыргызстан 2019-жылы Бириккен Араб эмираттарында өтчү Азия кубогунун тандап алуу оюндарына катышат. B тайпасындагы үчүнчү оруну улуттук курамага анда үчүнчү этаптан баштоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы тандап алуу оюндары маалында Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде (ФИФА) 124-орундан 105-орунга чейин көтөрүлдү.