Ала-Бука районундагы «Кызыл-Кыя-автодорожный» чек ара өткөрмө пунктунда Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев менен анын өзбек кесиптеши Рустам Эминжановдун жолугушуусу болууда. Тараптар Чаласарт аймагындагы тактала элек тилкедеги абалды талкуулап жатышат.
Жолугушууну өзбек тарап демилгеледи, деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жолугушуу Кыргызстандын аймагында, «Кызыл-Кыя-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктунда өтүүдө.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кайтаруу комитетинин башчысы Рустам Эминжанов Аксы районунун Чаласарт аймагындагы тактала элек чек ара бөлүгүндөгү чыңалуу абалын талкуулап жатышат.
«Кызыл-Кыя-автодорожный» — Өзбекстан менен болгон чек арадагы 15 көзөмөл-өткөрмө пунктун ичинен учурда иштеп жаткан жалгыз пункт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу
18-мартта Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт аймагындагы чек аранын тактала элек тилкесине эки БТР унаасын, эки КамАзын жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин жайгаштырган.
Бул Кыргызстан Касан-Сай суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон.
Кыргызстан ТИМи ошол замат чек арадагы тосмолорду алуу талабы менен өзбек өкмөтүнө нааразычылык нотасын жөнөткөн. Жооп катар Өзбекстан Кыргызстанды талаш тилкелерди мыйзамсыз өздөштүрүүгө айыптаган.
Кыргызстан өзбек аскерлеринин жайгашуусуна жооп кылып чек арага эки БТР унаасы менен аскер күчтөрүн алып барган.
Тараптар 20-мартта андагы аскер кызматкерлеринин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча макулдашууга келишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, «Кыргызстан БТР унааларын өзбек тарап өз аскер техникаларын чыгарып кеткенден кийин алат».