Клооптун негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер технологиялар, маданият жана дизайн тууралуу эң маанилүү конференция эсептелген TEDде сөз сүйлөгөн Борбордук Азиянын алгачкы жашоочусу болду. Бул баяндар сериясында ал түрдүү убактарда «Гуглдун» негиздөөчүлөрү, Нобель сыйлыгынын лауреаттары жана легендарлуу рок-музыканттар чыгып сүйлөгөн иш-чарага катышуудагы уникалдуу тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Февраль 2016, Ванкувер, Канада
Мен борборунда кызыл түстөгү белгилүү тегерек килем, анын артында желимден жасалган абдан чоң T, E жана D деген тамгалар бар сахнанын артында турдум. Үн режиссеру мага микрофон, зымдар жана белимдеги курума илинген толкундарды таркатуучу жабдууну кийгизип койгон.
Сахнада өзүн канадалык «биохакер» деп атаган досум Эндрю Пеллинг сүйлөп жаткан. Ал алма менен адамдын гендерин аргындаштыруу (бул тамаша эмес) тууралуу баяны менен конференцияны ачып жаткан, а мен сахнага андан кийин чыгышым керек болчу.
Менин жүрөгүмдүн согушунун тездиги бардык рекорддорду жаңылап жатты, алакандарыман тер чыгып, а башымды көптөгөн адамдардын алдына чыгып сүйлөшүм керек болгон сөздөр ээлеп турду. Анткени эгер сөзүң жакшы болуп, жакшы таасир калтырсаң аны интернетке чыгарышып, аны 1 миллиондон ашык киши көрүшү мүмкүн. Мындай популярдуулукка башка бир дагы конференция ээ эмес.
Мен бир аз суу ичип алайын деп бөтөлкөнү алдым анан… балким колдорум толкундануудан улам калтырадыбы айтор суунун бир өз бөлүгү футболкама төгүлүп, анда каралжын тактарды калтырды.
Азырынча жашоомдогу эң маанилүү болгон сахнага чыгуума беш мүнөт калганда ушундай болуп калганын карасаң!
Логистикага жооп берген, анын ичинде сахнага чыккандарды координациялап жаткан Леонинин реакциясы ага өтө тез жана гениалдуу болду. Ал мени жетелеп гримдөө бөлмөсүнө алып барды, анда анын кесиптеши Меган бир дагы секундду текке кетирбей, дүрбөлөңгө түшпөй эле эч убараланбастан фенди алып, менин кийимимди кургатып баштады.
Биз Леони экөөбүз сахнага Эндрю сөзүн жыйынтыктап жатканда жетип бардык.
Белгилүү кызыл килемге конференциянын алып баруучусу жана TED Fellowship программасынын башчысы Том Райли чыкты.
«Кийинки болуп сахнага… Мен буга чейин Кыргызстан жөнүндө айтып өткөм, чынбы? Биздин кийинки спикерибиз Кыргызстандан, анын аты Бектур Искендер. Эгер силер өз өлкөңөрдө популярдуу медиа-сайттардын бирин түзсөңөр эмне кылат элеңер? Эгер силер окуучулары түрдүү иликтөөлөрү жана репортаждары менен өкмөттүн жынан койбогон журналистика мектебин түзсөңөр эмне кылат элеңер? Аларды кийинки болуп сахнага чыга турган Кыргызстандан келген Бектур Искендер түзгөн».
Чын эле мен ушунчалык узак убакыт даярданган нерсенин учуру келдиби?
Август 2015, Бишкек, Кыргызстан
Белгилүү TED конференциясына катышып, ал жакта сүйлөө менин кыялым деле болгон эмес, бирок кээ бирде мага андай ойлор келчү.
Ошондуктан жайдын күндөрүнүн биринде Бишкектеги үйүмдө отуруп кокустан TED Fellowship программасы тууралуу жарыяны көрүп калып, дароо эле ага билдирме даярдап баштагам. Анан да мен анда эмнени айта турганымды билчүмүн да. Алты барактан турган суроого жоопторду бир түндүн ичинде эле жазып бүтүргөм.
TED Fellowship — азырынча бүткүл дүйнөгө белгилүү эмес жана бай боло элек, бирок өз тармагында өзгөчө бир нерсе кылып жаткан адамдардын арасынан 20сын TEDке тандап ала турган программа.
«Феллоуз» (программанын катышуучулары ушинтип аталышат) сахнага Кремний өрөөнүнүн миллиардерлери же Нобель сыйлыгынын лауреаттары чыкканга чейин конференциянын эң башында сүйлөшөт.
Мен бул программа менен өтүп кетем деп ойлогон эмесмин — сынак абдан оор, 20 орун үчүн бир нече миң киши билдирме жөнөткөн. Бирок мен ага катышканда эч нерсе деле жоготпойт болчумун да.
TEDке же башкасынабы, айтор кандай гана билдирме болбосун жөнөтүүдө өз эмгегиңдин уникалдуулугу эмнеде экендигин түшүндүрүп бере алуу зарыл. Клооптун уникалдуулугу андагы контенттин көпчүлүк бөлүгүн өтө жаш өспүрүмдөрдүн даярдагандыгында, адатта алар 14 жаштан 25 жашка чейинкилер. Ал эмес редакторлор дагы ошол эле жаш куракка туура келишет. Бирок ошентсе алар эң олуттуу темаларды чагылдырышат.
Алар Клооптун алдындагы практикага көбүрөөк көңүл бурулган журналистика мектебинде окушат — студенттер өздөрүнүн алгачкы чыныгы материалдарын сабактар башталгандан кийинки аптада эле даярдап башташат.
Анан да эң башкысы — Клооптун жаш журналисттери менен редакторлору түрдүү убактарда Кыргызстандагы онлайн-журналистиканын жол баштоочулары болушкан.
Клооп түз тексттик эфирлерди жайгаштырган өлкөдөгү алгачкы сайт болгон. Ал жаңылыктарга себептерди табуу, ошондой эле окурмандарды тартуу үчүн социалдык түйүндөрдү колдонуп баштаган өлкөдөгү биринчи сайт болгон.
Клооп 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта обладминистрациянын басылып алынгандыгы тууралуу чындыкты жазган Кыргызстандагы жападан жалгыз сайт болгон (калган жергиликтүү онлайн-ЖМКлар ИИМ тараткан күмөндүү маалыматтарды гана жарыялашкан, биздин өспүрүмдөр болсо окуя болуп жаткан жердеги кишилерди таап, болгонун болгондой кылып берип турушкан).
Акыры биз видео-трансляцияларды жасоодо, дрондорду пайдаланууда жана ачык маалыматтардын негизинде иликтөөлөрдү жүргүзүүдө пионерлер болуп калдык.
Ошондой эле биз өспүрүмдөрдү бийлик өкүлдөрүнө суроолорду берүүдөн коркпоого жана өзүн коргой билүүгө үйрөтөбүз.
Клооп бүткүл дүйнөнүн масштабында уникалдуу ресурс болуп калды, анткени мен жаштардын сайты эң көп адам баш баккан онлайн-басылмалардын алдыңкы бештигине кирген башка өлкөнү билбейм.
Болжол менен TED Fellowship программасына жөнөткөн билдирмемде мен мына ушуларды жазгам.
Февраль 2016, Москва, Орусия
Эл алдына чыгып сүйлөөнү болжол менен төрт категорияга бөлүүгө болот.
Биринчиси — бул толугу менен импровизация кылуу. Анда сөзүңүздүн кандай өңүттө өнүгө тургандыгын билбей туруп сахнага чыгып, ойлоруңуздун агымы менен агууга уруксат бересиз. Эгер бул жаатта сиздин чоң тажрыйбаңыз бар болсо жана эмне жөнүндө сүйлөп жатканыңызды жакшы түшүнсөңүз, анда сиздин сөзүңүз мыкты болушу мүмкүн. Бирок андай болуу ыктымалдыгы өтө төмөн. Толугу менен импровизация кылуу — бул сиздин айткандарыңыздын байланышсыз, чатышкан жана кызыксыз болуп калуусунун абдан чоң тобокелдиги.
Экинчи категория — бул айласыз амал, кагаздан окуп айтуу. Ката кетирүү же жаңылып калуу ыктымалдыгы — дээрлик нөлгө барабар. Бирок сиздин аудиторияңыздын уктап калышы ыктымалдыгы 99 пайызга барабар болот.
Үчүнчү категория — мында сиз болжолдуу түрдө айта турган нерселердин планын түзүп алып, бирок пландын ар бир пунктунда бир аз импровизация кылып, тамаша кошуп, ошондой эле кандай сөздөрдү колдонуп, сүйлөмдөр үчүн кандай байланыштарды пайдала турганыңызды ошол жерден эле чечесиз. Адатта мен эл алдында ушул формула боюнча сүйлөйм.
Акыркысы, төртүнчү категория — мында сиз айтыла турган текстти толугу менен, анын ар бир сөзүн жаттап аласыз. Эл алдында сүйлөп жаткан маалда сценарийден дээрлик четтебейсиз. Бул баарынан оор жана көптөгөн даярданууларды талап кылат. Чыгып сүйлөп жатканда толкунданып, бир нерсени унутуп калып уят болуп калуу тобокелдиги бар. Бирок сиз жакшы даярданып, эч нерсесин унутуп калбасаңыз, анда сөзүңүз эң сонун болот.
TEDде төртүнчү категориянын пайдаланылышы шарт. Анткени 2006-жылдан тарта негизги конференцияда сүйлөгөндөрдүн сөздөрүнүн бардыгы тең интернетке жарыяланат жана аларды миллиондогон колдонуучулар көрүшөт. Алардын болуп көрбөгөндөй популярдуулугунун себептеринин бири — спикерлердин абдан кылдат даярдангандыгында.
Ванкуверге учаардан эки апта мурда мен Москвада болгом, анткени Канадага визаны ошол жактан гана өз убагында ала алмакмын. Мен Москвада жүргөн күндөрдүн бири TEDдин кызматкерлери менен төртүнчү жана акыркы онлайн-даярдануу учуруна туш келип калды.
Ага чейинки үч даярдануу түрдүү деңгээлдеги ийгиликтер менен өткөн. Менин сүйлөй турган сөздөрүмдүн текстинин алгачкы варианты анча таасирдүү эмес болчу. Том Райли аны жакшыртуу боюнча сунуштардын толгон тизмесин берип, жыйынтыгында мен аны кайра башынан жазып чыккам.
Экинчи жана үчүнчү даярданууда тең мен текстти экрандан окудум — тексттин акыркы вариантын жактырып, аны төрт мүнөткө батыруу маанилүү болгон (Феллоузго сахнада 4 мүнөт, а калган спикерлерге 18 мүнөттөн убакыт берилет).
Акыркы даярданууда (Москвадагы) мен текстти жатка айтышым керек болчу. Бирок виза алууга байланышкан кыжырдануулар жана башка жумуштардан улам менде аны жаттоого мүмкүнчүлүк болгон жок.
Негизи эле мен көптөн бери эч нерсе жаттаган эмесмин. Мага ал абдан оор иштей сезилген. Төрт мүнөттүк сөз сүйлөө — бул болжол менен эки беттен турган текст. Эки беттен турган тексттеги сөздөрдүн бардыгын кантип жаттоого болсун?
Ошентсе да TEDдин кызматкерлери эң акыркы онлайн-даярданууда менин текстти экрандан окушума уруксат беришти. Бирок Вануверде «жандуу» даярдануулар башталганда эч кандай жеңилдиктердин болбой турганын эскертишти. Мен аны өзүм деле түшүнүп тургам, ошондуктан нерв чыңалуусу күчөп турду.
Мени аларга тексттин өзүнүн абдан жаккандыгы сооротуп жатты. Болгону аны жаттап алуу гана калган.
Уландысы бар...