27-мартта өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо болжол менен президенттик социал-демократтар партиясы алты шаардын үчөөндө (Ош, Токмок, Кемин) алдыда келе жатат.

КСДП Ош шаардык кеңешин шайлоодо алдыда келе жатат — болжолдуу маалыматтар боюнча, партия шайлоочулардын 30,6%ын алган. Экинчи орунда 15,7% добуш менен «Кыргызстан» партиясы.

Үчүнчү жана төртүнчү орундарда «Мекеним Кыргызстан» (11,8%) жана «Республика — Ата-Журт» (9,7%) партиялары, бешинчи жана алтынчы орундарда «Бир Бол» (8,5%) менен «Өнүгүү–Прогресс» (8%). Калган жети партия керектүү болгон 7 пайыздык чектен аша алышкан эмес.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, КСДП Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандаттын 20сына ээ болот. Жалпысынан шаар боюнча 70 миң 651 жаран добуш беришкен.

Караколдо 28,51% добуш менен «Табылга» партиясы алдыда, экинчиде «Кыргызстан» партиясы – 10.25%, үчүнчү жана төртүнчү орундарда 8,89% добуш менен «Республика – Ата-Журт» жана 8,31% менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясы.

Майлуу-Сууда «Республика — Ата-Журт» (40,2%), КСДП (37.98%), «Өнүгүү-Прогресс» (9.97%) жана «Ата-Мекен» (7.91%) партиялары өттү.

Балыкчыда — «Замандаш» (20.87%), «Кыргызстан» (13.42%), «Республика – Ата-Журт» (11.25%), КСДП (11.11%), «Өнүгүү-Прогресс» (9.46%).

Токмокто — КСДП (36.75%), «Кыргызстан» – 20.03%, «Адилетүүлүк жана өнүгүү партиясы «АК» (11.79%), «Республика – Ата-Журт» – 10.45%.

35,74% добуш менен Кеминде да социал-демократтар алдыда, экинчи орунда 17,42% добуш менен «Республика – Ата-Журт», анын артында «Замандаш» – 10.13%, «Өнүгүү-Прогресс» – 8.50%, «Улуу Кыргызстан» – 8.37%.

Тема боюнча: LIVE: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо

Жалпысынан катталган 264 миң шайлоочунун 56%ы добуш беришкен. Добуш берүү процесси биометрикалык системанын негизинде өттү — анда автоматтык урна шайлоочулардын добуштарын өзү санап чыгат.

БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоолор «штаттык режимде» өткөнүн айтты.

12899545_989098444508280_1896990733_o

«Шайлоолордо орчундуу деле маселелер жаралган жок, болгону башында гана жабдуулар менен бир аз көйгөйлөр болду», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, аймактык шайлоо комиссиялары кийинки үч күн ичинде арыздарды кабыл алат, андан соң арыздар жана даттануулар үчүн БШК үч күн ачык болот.

27-мартта шаардык кеңештер менен катар эле айылдык кеңештин депутаттарын шайлоолор да болуп өттү — БШК алар боюнча жыйынтыктарды кийинчерээк жарыялай тургандыгын билдирди.

Жалпысынан шайлоолорго катышууга 24 партия каттоодон өткөн. Шайлоолордун акыркы жыйынтыктары колго саналат.

Буга чейинки шайлоо — өлкөнүн парламентине — 4-октябрда өткөн. Анда дагы КСДП мандаттардын көбүнө ээ болгон — 120 орундун 38ине. «Республика — Ата-Журт» 28 мандат, «Кыргызстан» партиясы — 18, «Өнүгүү-Прогресс» — 13, «Бир Бол» – 12 жана «Ата Мекен» – 11 мандат алышкан.