Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) кармалган оппозиционерлердин бири Эрнест Карыбековду «Өзбекстандын атайын кызматтары» менен байланыштырган сюжет көрсөттү.

16 мүнөткө созулган сюжет КТРКнын эфиринде 27-мартта, жекшемби күнү көрсөтүлдү.

Сюжетте оппозиционер Эрнест Карыбековдун сүйлөшүүлөрүнүн аудиожазуусу келтирилген. Анда ал Кыргызстанда бийлик алмашып калса өкмөттөгү кызматтарды кандай бөлүштүрө тургандыктары жөнүндө айткан. Азырынча ал аудиожазуунун аныктыгы ырастала элек.

КТРК ошондой эле Карыбековдун «Өзбекстандын атайын кызматтары» менен байланышы бардыгы ыктымалдыгын билдирди. Далил катары Карыбековдун электрондук почтасындагы каттардын скриншоттору жана анын Фархад Парпиев деген адам менен жолуккандыгы тартылган видео келтирилген.

«Айрым маалыматтар боюнча, Парпиевдин Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышы бар. Ошондой эле Фархад Парпиев «Салим Бойбоча» деген ысым менен белгилүү криминал төбөлү Салим Абдувалиевдин ишенимдүү адамы болуп эсептелет. Белгилүү болгондой, Өзбекстанда криминал дүйнөсү өзбек атайын кызматтарынын көзөмөлүндө», — деп айтылган сюжетте.

Кадр сыртында сюжеттин авторлору акыркы жылдары Карыбеков Кыргызстандын кызыкчылыгын жактабагандыгын айтышкан. Алар мисал катары анын энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча бийликти сынга алган макалаларын келтиришкен.

«Биздин булактар билдиришкендей, ал (Карыбеков) улуттук коопсуздук органдарынын көңүлүн өзүнө жакында бурдурган. Ал өкмөттүн аппаратынын алдындагы отун-энергетикалык комплекси бөлүмүн башкарып турганда стратегиялык маанидеги маалыматтар менен мамлекеттик сырларга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон», — деп айтылган сюжетте.

Материал жарыяланып жаткан маалга карата сюжет КТРКнын сайтынан өчүрүлгөн. Анын колдоо бөлүмүнөн Kloop.kgнин кабарчысына сюжет ага бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кайрадан жеткиликтүү болорун билдиришти. Бирок кандай өзгөртүүлөрдүн киргизиле тургандыгын тактап айтышкан жок.

Оппозиционерлердин кармалышы

Эрнест Карыбеков 25-мартта, бийликти күч колдонуп басып алууга шектелип жатышкан оппозиционерлер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров камалгандан үч күндөн кийин кармалган. Алар үчөө тең 12-майга чейин тергөө абагында камакта болушат.

Оппозиционерлер алардын бийликти басып алуу боюнча пландарды талкуулап жатышкандыктарынын аудиожазуулары интернетке жарыялангандан кийин кармалышкан. Ал жазуулардын аныктыгын атайын кызматтагылар ырасташкан. Бирок оппозиционерлердин өзүлөрү аудио монтаждалганын билдирип жатышат.

Карыбеков, Асанов жана Кадыров кармалгандан кийин оппозиция алардын бошотулушун талап кылып Бишкекте митинг өткөрүүнү убадалаган.

Саясат таануучу оппозиционерлер Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышта болбогон болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, андай божомолдор митингдердин өтүшүнө себеп болгон кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдан улам келип чыккан болушу ыктымал.

«Менимче, бул бардыгы тең өз пайдасы үчүн пайдаланып калууга аракет кылган чек арадагы абалга байланыштуу. Оппозициянын айрым мүчөлөрү аны менен пайдаланып калууну чечишкен жана ал коңшу өлкө менен бирге аракет көрүп жаткандай көрүнгөн болушу мүмкүн», — деди Төлөгөнов Kloop.kgге курган маегинде.

Ал укук коргоо жана сот системалары көпчүлүк учурларда учурдагы бийликке саясий лоялдуулугун көрсөтүүгө аракет кыла тургандыктарын кошумчалады.

«Бул жагынан алганда кандай гана кыйшаюу болбосун анча чоң эмес чыңалууну пайда кылышы мүмкүн. Саясий куугунтуктоолор үчүн бийлик ресурстарын пайдалануу акыйкатсыздыгы күчөп жаткандай сезилиши ыктымал. Бул сыяктуу тобокелчиликтер бар жана аларга маани бербей коюуга болбойт», — деди Төлөгөнов.