27-март күнү эртең менен Пакистандын Лахор шаарындагы жарылуудан 70 киши каза болду. Алардын 29у кичинекей балдар экендиги айтылууда. Жардырууга жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды.

Жергиликтүү полиция жардырууну Пенжаб провинциясынын Лахор шаарындагы балдар аянтчасынан алыс эмес жерде өзүн жардырып жиберген жанкечти-террорчу жасагандыгын билдирди.

27-март күнү эртең менен болгон жардыруудан 70тен кем эмес киши каза болду, алардын 29у кичинекей балдар, деп билдирүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Би-Би-Синин маалыматы боюнча, 28-мартка карата жабыркагандардын саны 190 кишиден ашты.

РИА Новости Кытайдын «Синьхуа» агенттигине шилтеме жасоо менен жаракат алгандардын саны 300дөн ашканын билдирүүдө.

Жардырууга жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды. Кыймылдын өкүлү жардыруу атайылап шаардын христиандар көп жашаган бөлүгүндө жасалгандыгын билдирди.

Христиандар жардыруу болгон жерге үй-бүлөлөрү менен бирге Пасха майрамын белгилөөгө чогулушкандыгы белгилүү.

Пакистандын президенти Мамнун Хуссаин кол салууну «өлкөнүн көп диндүү коомунда араздык туудуруу аракети» деп атады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Пакистандын бийлигин бардык жарандардын, анын ичинде диний азчылык өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыздоого болгон аракетти көрүүгө чакырды.

Коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн Пенжаб провинциясына армия киргизилди. Ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү. Бийлик аймакта үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Өлкөдө буга чейинки террордук чабуул марттын ортосунда болгон. Анда Пешавар шаарындагы автобус аялдамасында жарылуу болгон. Жарылуучу зат мамкызматкерлер бара жаткан автобустун отургучунун алдына коюлган. Терактын жыйынтыгында 15 киши каза болуп, дагы 30у түрдүү жаракаттарды алышкан.