Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат уурдалган унааны айдап жүргөн кызматкерин жумуштан бошотту.

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат кызматтык териштирүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен уурдалган унааны пайдаланып жүргөн ыкчам кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иштерин баштоого Түркиянын жараны Эрхан Катаналпынын Акыйкатчынын аппаратына кайрылуусу себеп болгон. Ал анын уурдалган унаасын башка номур менен Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын кызматкери пайдаланып жүргөндүгүн билдирген.

Катаналпы 2015-жылы белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, изделип жаткан унаасын 2016-жылдын мартында тапкан. Болжол менен 7 миң доллар турган «Мерседес-Бенц Е-240» үлгүсүндөгү унаа Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын имаратынын маңдайында токтоп турган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынан кийин милиция унаанын чынында эле Катаналпыга тиешелүү экендигин аныктаган. Техникалык паспортунда көрсөтүлгөн номурлары унаанын өзүнүн номурлары менен дал келген.

Баңгизатын көзөмөлдөө органынын кызматкерлери кызматтык териштирүү жүргүзүшүп, автоунаага тиешеси бар кызматкерди аныктап чыгышкан. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкер жумуштан бошотулуп, анын жетекчилерине сөгүш жарыяланды.

Баңгизатын көзөмөлдөө кызматы расмий билдирүүсүндө кызматкеринин унаага кандай тиешеси бар болгондугун тактап жазган эмес, бирок «ал ыкчам номурларды мыйзамсыз пайдалангандыгын» билдирген.

Азырынча унаанын кандай жол менен Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын өкүлүндө болуп калгандыгы белгисиз. Тергөө мекеменин кызматкерлерин суракка алып, үч түрдүү версияны аныктап чыккан.

Версиялардын бири боюнча, кызматкерлер аны 5 миң долларга сатып алышкан. Экинчи версияга ылайык, аны карызга алышкан, а үчүнчү версияда автоунааны күрөөканадан сатып алышканы айтылат.

Милиция уурдоого тиешеси бар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо үчүн текшерүү иштерин улантып жатат.

Сүрөт: Википедия