Өткөн жылдын декабрында Сан-Бернардинодо ок чыгарган террорчунун тосмолонгон телефону боюнча Apple менен ФБРдин ортосундагы иш акыры аягына чыкты. Kloop.kgнин баяндамачысы Азамат Өмүралиев калифорниялык корпорация менен бийликтин ортосунда эмнеге мындай окуя пайда болгондугун, анын жөнөкөй колдонуучулар үчүн канчалык маанилүү экендигин жана окуя эмне менен аяктагандыгын түшүндүрөт.

2015-жылдын 2-декабрында Американын Сан-Бернардино шаарында ок атылган. Ал теракттын (Федералдык иликтөөлөр бюросу ал окуяга ушундай баа берген) жыйынтыгында 14 киши каза болгон.

Бул иш боюнча ФБР дагы деле тергөө иштерин жүргүзүп жатат жана жыл башында алардын колуна окуяга тиешеси бар террорчунун iPhone телефону  тийген. Бирок ал тосмолонгон болуп чыккан жана бюро аны колдо бар ресурстардын жардамы менен ача алган эмес.

Ошондуктан ФБР ал телефонду ачып, бийликке андагы маалыматка жетүү мүмкүндүгүн бере турган атайын операциялык система түзүү өтүнүчү менен Apple компаниясына кайрылган.

Apple эмнеге бийликке жардам берүүдөн баш тарткан?

Apple компаниясы бийликтин өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан. Баш тартуудан көп өтпөй компаниянын башкы директору Тим Кук ачык кат жазып, анда ал компания террорчуларды колдоп жатпагандыгын түшүндүргөн.

Куктун айтымында, Apple ФБРдин смартфондо сакталып турган маанилүү маалыматка жетүүсүнө жардам берүүгө бардык болгон аракетин көргөн. Бирок  Apple ишендиргендей, бюронун дүйнөдөгү каалаган iPhone телефонуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган нерсе иштеп чыгуу өтүнүчү коркунучтуу прецедент болуп эсептелет.

Бюро ал операциялык система бир гана жолу жана ошол телефонго карата гана пайдаланыла тургандыгына ишендирүүгө аракет кылган. Бирок компания бийликтин убадасына ишенген жок. Маалыматтардын коопсуздугу менен сакталуусу — Appleдин башкы принциптеринин бири жана ал компаниянын өз девайстарын көбүрөөк сатуусуна жардам берет.

Бул эмнеге маанилүү?

Тим Куктун чечимин ошол замат башка технологиялык корпорациялар да колдоп чыгышкан: Facebook жана анын көзөмөлүндөгү WhatsApp, Google, Twitter жана Microsoft. Ал компаниялардын башчылары колдонуучулардын жеке маалыматтары улуттук масштабдагы терактты иликтөө тууралуу кеп болуп жаткан чакта да анчалык чоң тобокелчиликке туш болбошу керек деген ишенимде.

Чынында эле, эгер Apple модификацияланган операциялык система түзсө, анда ал бийликке белгилүү бир убакыт ичинде дүйнөдөгү каалаган Apple смартфонуна чексиз кирүү мүмкүндүгүн бермек (бүгүнкү күндө дүйнө боюнча андай смартфондун 700 миллиондон ашык даанасы сатылган).

Эдвард Сноудендин айткандарын кайталап, «ФБР өзү эмес, а Apple жарандардын укуктары үчүн күрөшүп жаткан дүйнө түзүүдө». Чынында эле компания акырына чейин күрөшүүгө даяр болгондой.

22-мартка белгиленген биринчи соттук угууларга аз калганда Appleдин кызматкерлери эгер сот компанияны бузуп ачууга милдеттендире турган болсо, анда алар жогорку айлык төлөнгөн кызматтарынан кетүүгө даяр экендиктери тууралуу маалымат пайда болгон. Бардыгы абдан коркунучтуу прецедент түзбөө үчүн.

Окуя эмне менен аяктады?

Бирок 22-мартта соттук угуулар болгон жок. Жыйынга бир күн калганда ФБР керектүү смартфонду өз алдынча бузуп ача ала турган «үчүнчү адамды» тапкандыгын билдирген. Бир аптадан кийин анын ырастамасы пайда болду: iPhone бузулуп ачылган, болгондо да калифорниялык компаниянын көмөгүсүз эле. Азыр бюродогулар түзмөктөн алынган маалыматтарды анализдөө менен алек. Бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн Apple баш тартууда.

Башкы сүрөттүн булагы: The Verge