Мамэкотехинспекция бишкектиктин унаасын басып калган бактын кулашынын себептерин иликтөөсүн аяктады. Экспертизанын жыйынтыктарына ылайык, «нымдуулуктун көптүгүнөн» улам бактын тамыры чирип кеткен.

Бишкектин жашоочусун басып калган бактын кулашынын себептерин иликтөө боюнча комиссия 28-мартта нымдуулуктун көптүгүнөн улам теректин тамыры чирип кеткенин аныктады.

Экспертизанын жыйынтыктарына ылайык, бак арык системасына жакын турган жана ал анын тамырынын чиришине алып келген.

«Сугаруудагы нымдуулуктун көптүгүнөн тамыр системасынын негизи толугу менен ичинен чирип кеткен, анткени бак арыкка өтө жакын жайгашкан», — деп жазылган Мамэкотехинспекциянын корутундусунда.

Инспекция ошондой эле «Жашылдандыруу» ишканасына Бишкектеги калган бардык бактарды карап чыгып, алардын куурап калгандарын жок кылуу жазма буйругун берди.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова Kloop.kgге курган маегинде иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Жооп бере турган тарап аныкталат: ал «Жашылдандыруу» [муниципалдык ишканасы] болуп же себеби катары форс-мажордук жагдай аталышы мүмкүн. Биз соттун чечимин күтөбүз», — деди ал.

Басма сөз катчынын айтымында, кулаган бак сыртынан караганда чирип калган белгилерге ээ эмес болгон. Алманбетова ал жандуу болгондугун белгиледи.

«Биз унааны чыгаруу үчүн бакты кескенибизде андан ширеси акты. Ал жандуу бак болгон. Эски бактан шире акпайт болчу», — деди ал.

Биология илимдеринин доктору Ишенбай Сооданбеков муниципалдык «Жашылдандыруу» ишканасы авариялык бактарды өз убагында кыйышы керек болчу деп эсептейт.

«Балким ал эски, же оорулуу, кургап калган бак болгон болушу мүмкүн. Кайра эле өз учурунда кыюу иштерин жасабаган «Жашылдандыруунун» күнөөсү», — деди Сооданбеков.

Эколог Эмил Шүкүров нымдуулуктун ашыктыгы — бул бактын кулашынын себептеринин бири гана, анын чыныгы себептери кыйла көп болгон деп эсептейт.

«Бактар аларды асфальт же бетон менен куюп салгандыктан улам абдан начар абалда. Алардын айланасында керектүү аянт жок. Бактардын айланасында андай бош аянттар болушу керек, алар жандуу да. Антип кысып, кычкылтекти бууп салганда бактардын өзүнө оор кесепет болушу мүмкүн. Бизде бак-дарактардын баш жагын кыюу практикага айланды, шаарда чокулары жок бактар турат. Алардын чокуларын кесип салып жатышат. Ал бактарды түрдүү оорулардын булагына айландырат. Андай бактар да кооптуу болуп, убакыттын өтүшү менен кулап түшүсү мүмкүн», — деди Шүкүров Kloop.kgге.

Бактын кулашынан адамдын каза болушу

Турусбеков көчөсүндөгү терек 27-мартта токтоп турган жана жолдон өтүп бара жаткан автоунаанын үстүнө кулаган. Окуя кечки саат 19:00дө №2 мектептен алыс эмес жерде болгон.

Ал жерге ӨКМ жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери барышкан. Алар бактын астында калган унаадан айдоочуну алып чыгышкан, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

37 жаштагы айдоочунун артында төрт баласы калганы белгилүү. Мэрия 30-мартта жерге берилген каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө каражат жагынан жардам берди.

Окуядан кийин «Жашылдандыруу» ишканасы шаардагы бак-дарактарды инвентаризаицялоону баштады. Анын жыйынтыгы менен эски жана оорулуу бактар кыйылат. Инвентаризация жыл сайын өткөрүлөт, бирок быйыл аны эртерээк баштоо чечими кабыл алынган.

Сүрөт: Sputnik.kg