Бишкектин Жол кайгуул кызматынын кармалган башчысы Зумрад Жанабаева ооруканага жеткирилди. Ал учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө. Убактылуу кармоочу жайда ал жүрөгү ооруп жатканын билдирген.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) башчысы Зумрад Жанабаева 27-марттан 28-мартка караган түнү убактылуу кармоочу жайдан ооруканага жеткирилген. Милиция кызматкерлеринин айтымдарында, ал жүрөгү ооруп жатканын билдирген.

Жанабаева кызмат абалын кыянат пайдаланууга шектелип 26-мартта кармалган.

Ал Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан мас абалында унаа кырсыгына себепкер болгон кызматкеринин бирин мурдагы дата менен кызматтан кетирген деп шектелүүдө. Бирок Жанабаеванын өзү ал айыптоону четке кагууда.

Ал тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга камалып, андан соң №1 тергөө абагына жеткирилиши керек болчу — 26-мартта борбордун Октябрь райондук соту Жанабаеваны 20 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок ден соолугуна байланыштуу ал ооруканага жеткирилди.

Жанабаевага жакын адамдардын бири Sputnik.kgге курган маегинде учурда ал реанимацияда экенин жана абалы туруктуу-оор деп бааланып жаткандыгын билдирген.

Улуттук госпиталдын кызматкерлери Kloop.kgге билдиришкендей, учурда Зумрад Жанабаева неврология бөлүмүндө. Азырынча анын ал жакта канча убакыт боло тургандыгы белгисиз.