Футбол боюнча Тажикстан жана Кыргызстан курамаларынын ортосундагы беттеште жалгыз голду кыргыз чабуулчусу Виталий Люкс киргизди. Оюн 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк биринчиликке тандап алуу беттештеринин алкагында өттү.

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Дүйшөмбү шаарында өткөн Тажикстан курмасына каршы беттешинде жеңишке жетти.

Оюндагы жалгыз голду Фархат Мусабековдун чыгарып берүүсүнөн кийин 18-мүнөттө эсепти ачкан кыргыз чабуулчусу Виталий Люкс киргизди.

Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюндун жүрүшүндө үч алмашуу жасады:

  • 56-мүнөттө Фархат Мусабековдун ордуна Мирлан Мурзаев;
  • 77-мүнөттө Антон Землянухиндин ордуна Кайрат Жыргалбек уулу;
  • 83-мүнөттө Эдгар Бернхарддын ордуна Павел Сидоренко чыкты.

Беттештин жүрүшүндө эскертүү кагаздарын алгандар да болду. 55-мүнөттө сары айып кагазын кыргыз коргоочусу Даниэль Тэго алса, андан 20 мүнөт өткөндөн кийин топко колу менен тийгендиги үчүн тажик футболчусу Даврон Эргашов эскертүү алды. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө убакытты созгондугу үчүн деп Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяшка эскертүү берилди.

Бул 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагындагы В тайпасындагы акыркы беттеш болду. Бардык оюндардын жыйынтыктары боюнча, Кыргызстандын эсебинде 14 упай бар, бул тайпанын лидери болгон Автралия курамасыныкынан жети упайга аз.

Тайпадагы үчүнчү оруну Кыргызстанга 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн күрөш жүргүзүү укугун берет. Анда кыргыз курамасы тандап алуу беттештерин дароо үчүнчү этаптан баштайт.