Башкы прокуратура чакыруу кагазын K-News маалымат агенттигине жөнөткөн. Агенттиктин редакциясы журналист Нурзада Тынаева энергетика тууралуу макаласы үчүн сурак берүүгө чакырылгандыгын билдирүүдө.

29-мартта K-News маалымат агенттиги бир күн мурда редакцияга Башкы прокуратуранын кызматкери телефон чалып, журналист Нурзада Тынаеваны сурак берүүгө чакыргандыгын билдирди.

Агенттиктин башкы редактору Махинур Ниязова Kloop.kgге Башкы прокуратуранын кызматкери Тынаеваны агенттиктин сайтына жарыяланган оппозициянын сүйлөшүүлөрү жазылган тасма боюнча көрсөтмө берүүгө чакыргандыгын айтты.

Бирок кийинчерээк көзөмөл органынын басма сөз кызматы журналистти «энергетика тармагы тууралуу макаласы боюнча түшүндүрмө берүүгө» чакырып жаткандыктарын билдирген.

«Биздин эч кандай божомолдоолорубуз жок, бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Эки түрдүү версияны берип жатышат. Азыр биздин журналист Башкы прокуратурада, дагы деле чыга элек, ошондуктан биз алардын эмне каалап жаткандыктарын азыр билбейбиз», — деди Ниязова.

Журналисттин Башкы прокуратурага чакырылышына бийликти күч менен басып алууну пландоого шектелген оппозиционерлерге каршы кылмыш ишинин козголушуна байланышкан материалдардын бири себеп болгон болушу мүмкүн.

Азыр ал иш боюнча үч шектүү — Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов и Эрнест Карыбеков — УКМКнын тергөө абагында, дагы бирөөсү — Дастан Сарыгулов — үй камагына алынган.

Тынаеванын атына жазылган чакыруу кагазын редакцияга 29-мартта, телефон чалуу болгон күндүн эртеси алып барышкан. Анда журналист Башкы прокуратурага барышы керектиги көрсөтүлгөн.

Анда эгер баруудан баш тарта турган болсо, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы тууралуу» мыйзамдын 32-беренесинин негизинде аны прокуратурага мажбурлап алып бара тургандыктары жазылган.

Тынаеванын өзү Kloop.kgге эч кандай божомолдоолору жок экенин айтты. Ал анын материалдарында башка бардык эле маалымат агенттиктердин сайттарына чыккан маалыматтар бар болгондугун кошумчалады.

«Алар оппозиция тууралуу материал деп айтышты, а акыркы күндөрү оппозиция тууралуу жаңылыктар көп эле болгон. Оппозиция тууралуу бир пикир жазылган, ошонун ичинде эле энергетика тармагы тууралуу айтылган. Негизинен алар эксперттердин пикирлери болгон, а жаңылык болсо кезектеги тасманын пайда болгондугу жөнүндө болчу. Мен ал жакка өзүмдүн эч кандай пикиримди кошкон эмесмин, эч кимди сындаган эмесмин жана эч кимдин аракетине баа берген эмесмин. Ал болгону башка бардык сайттарга чыккан маалымат болгон», — деди ал.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Башкы прокуратура менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Сүрөт: Нурзада Тынаеванын «Фейсбуктагы» баракчасы