Чек аранын тактала элек тилкесиндеги өзбек аскерлери менен БТР унаалары эки өлкөнүн бийлигин тең СССР таркагандан кийин аныктала элек аймактар көйгөйү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мажбур кылды. Kloop.kgнин кабарчыларынын тобу окуя болгон жерге барышып, андагы абалды өз көздөрү менен көрүп келишти.
Баяндоо атайын кабарчы Хлоя Гейненин атынан жүрөт.
МААНИЛҮҮ: Материал жарыяланган маалга карата Кыргызстандын өкүлдөрүнүн айтымдарында, эки өлкөнүн тең аскерлери менен аскер техникалары чек ара аймактарынан чыгарылган.
Оштон Ала-Букага чейинки жол орточо эсеп менен алты сааттай убакытты талап кылат — жол кыргыз-өзбек чек арасын бойлой тоо жээктеп өтөт. Бирок анда ары жакта Өзбекстан экендигин билдире турган дээрлик эч кандай белгилер жок. Биз бир аз кечигип, акыркы 40 чакырымды дээрлик толук караңгылыкта өткөрүп келе жатабыз.
Күтүүсүздөн жолдо абдан күчтүү прожекторлор менен жарыктандырылган бетон тосмолор пайда болуп, алардын жанында турган бир нече кишинин тургандыгы көрүндү. Бул биз ылдамдыгыбызды дээрлик жоготпой кирип келген кыргыз блокпосту. Көк-жашыл түстөгү формачан аскер кызматкерлери бизди унаанын айнегинен бир аз карап, андан ары өткөрүп жиберишти.
Бир нече метрден кийин күтүүсүздөн өзбек блокпостуна туш келдик. Андагы аскерлердин саны ондон кем эмес. Алардын куралдары да көп жана алар сүрдүү да көрүнүштү — кыргыз аскерлерине салыштырмалуу алар каскачан жана ал жактагы сарыгыч-жашыл түстүү ландшафтка кыйла туура келген күрөң-жашыл бронежелетчен.
— Паспорт, — деди кокустан менин айнегимде пайда болгон өзбек аскер кызматкери.
— Эмнеге? — деп сурады айдоочу.
— Силер транзит менен Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп жатасыңар, — деп жооп берди ал.
Куралдуу кишинин кадала тиктеп карап туруусунун алдында мен бир нече мүнөт рюкзактан паспортту табууга аракет кылып жаттым. Аскер кишиси менин кыжырданып издеп жатканыма көз салып, сумкада канча буюм бар экенин баалап, мени текебердик менен карап, жылмайып, анан бизди андан ары өткөрүп жиберди.
Бул аймактагы алгачкы өзбек блокпосту — мурда Өзбекстан бул жолго эч качан өз аскер кызматкерлерин койчу эмес. Ошол эле жерде жергиликтүү жашоочуларды гана эмес, калган бардык кыргыз элин дагы тынчсыздандырууга жетишкен аскер унаалары турат.
***
Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы Чаласарт аймагы — союз таркагандан кийин мурдагы эки СССР өлкөсүнүн ортосунда так аныкталбаган чек ара тилкелеринин бири. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин айтымында, азыр андай тактала элек аймактардын саны 50дөн ашык.
Талаштуу тилкелерди тактоо маселеси жакында эле, качан Өзбекстан өз аскер кызматкерлери менен БРТ унааларын чек арага алып киргенде көтөрүлгөн.
Ага Кыргызстандын өзбек айылдарына суу берген Касансай суу сактагычына өзбек делегациясын өткөрүүдөн баш тартуусу себеп болгон.
Ал суу сактагыч да эки өлкө ортосунда талашка түшүп келе жаткан объектилердин бири. Өзбекстан анын курулушу Өзбек ССРи тарабынан каржылангандыктан, аны өзбек тараптыкы деп эсептейт. А кыргыз тарап суу сактагыч Өзбекстан менен болгон чек арадан бир нече чакырым алыстыкта Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан, аны өзүнүкү деп келет.
***
Эртеси Касансай суу сактагычын көздөй бет алдык. Жергиликтүү жашоочулар ага жакын жерде Орто-Токой айылы бар болгондуктан, аны Орто-Токой суу сактагычы деп да аташат.
Ала-Букадан суу сактагычка бара жатканыбызда жолдон бизге эки кыргыз милиция кызматкери жолукту. Алар бизге сак болуубузду сунушташып, кокус бир нерсе болуп кетсе деп байланыш номурларын калтырышты.
Суу сактагычка барчу жол Өзбекстандын Наманган облусундагы Урта-Тукай айылынын тосмолорун бойлой өтөт. Анда суу сактагыч менен анын дамбасын тейлеген өзбек адистери жашашат — бардыгы болуп бир нече ондогон үй-бүлө.
Өзбектердин жакын жайгашкан Наманган облусунун Касансай шаарынан суу сактагычтын өзүнө чейин жол жок. Суу сактагычка жетүү үчүн өзбек унаалары кыргыз чек арасынан жана бажысынан өтүп, кыргыз аймагы аркылуу кетүүгө туура келет.
Мурда суу сактагычтын аймагында буудай өстүргөн совхоз бар болчу. Жогору тоодо — кыргыз малчылары пайдаланган жайыт бар.
Суу сактагычтан биз малчы Эрмамат Темиралиевди жолуктурдук. Ал Кыргызстандын аймагына таандык болгон Орто-Токой айылында жашайт жана малын ошол эле жерге жаят.
«Алардын өлкөсү [Өзбекстан] бул жерди өзүнүкү деп ойлойт, бирок ал андай эмес. Бул биздин [кыргыздын] жер. Малдарыбызды алардын [Урта-Тукай] айылынын жанына, ошондой эле плотинанын жанына кайтара албайбыз. Эгер ал жакка барса алар ок атып, малыбызды алып алуулары мүмкүн», — дейт малчы.
Суу сактагычтын дамбасы өзбек тараптын кайтаруусунда. Биздин коштоп жүрүүчүбүз суунун жээгине барбашыбыз керектигин айтты. «Дамбада көзгөатарлар отурушат», — деди ал. Биз көзгөатарлар менен суу сактагычты кайтарган аскерлерлердин өзүлөрүн көргөн жокпуз.
Суу сактагычтын жээгинде чоочун адамдардын пайда болушу өзбек кыштагынын жашоочуларынын кызыкгуусун жаратты. Алар тапанча менен куралданышкан жана биз тарапты көздөй багыт алышты. Коштоп жүрүүчүбүз милиция кызматкерлерине телефон чалып, алар бир нече мүнөттөн кийин суу сактагычка жетип келишти.
Милиционерлер айылды көздөй басышты. Аларды өзбек жумушчуларынан кеңдиги бир нече метрди түзгөн терең казылган аңгек бөлүп турат. Алар бири-бири менен кыйкырып сүйлөшө башташты, кийинчерээк алар аны «сүйлөшүүлөрдү» жүргүзүү деп түшүндүрүштү.
— Бул Өзбекстандын жери! — деп кыйкырды өзбек жумушчусу.
— А? — деди кыргыз милиционер таң калып.
— Бул Өзбекстандын жери.
— Бул Кыргызстан, Кыргызстан! Силер картаны көрдүңөр беле?
— Билебиз, ошон үчүн келдик.
— Сен бул жакка келсең!
— Бул өзбек жери.
— Кайсыл жер? Сен бул жакка кел!
—Жардын ары жагы силердики! (деп кыйкырды кимдир бирөө)
— Жок. Андай жер жок. Бул жердин баары тең Кыргызстандын аймагы! — деп милиционер сүйлөшүүлөрдү аяктап, рация аркылуу жетекчилиги менен сүйлөшүп баштады.
Бүгүнкү күндө талаш-тартыш токтобой жаткан суу сактагычтын курулушу 1941-жылы башталган, кийин согуштан улам убактылуу токтотулуп, ал аяктагандан кийин кайра улантылган. Өзбек ССРинин дыйканчылык райондоруна сугат суу зарыл болчу жана чарбачылык максатта Москва суутоптомо куруу чечимин кабыл алган.
Советтер коюзу таркагандан кийин Өзбекстан суу сактагычты пайдалануусун уланта берген.
Расмий түрдө суу сактагычтын аймагы — кыргыздыкы, суунун агымы Кыргызстандын батышындагы Чаткал тоолорунда башталат. 2015-жылдын ноябрында өкмөттүн токтому менен Касансай суу сактагычы Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүлгөн.
Азыркы талаш-тартыштын түбү өткөн кылымдын 20-жылдарына барып такалат. 1924-жылы Москва жаңы аймактык бүтүндүктөрдү — улуттук мамлекеттерди түзүүнү чечкен.
Ага чейин Орто Азияда бир нече мамлекет бар болгон — учурдагы улуттук республикалар кирген Туркестан автономдук республикасы, Бухара жана Хива элдик республикалары.
1924-жылы союздук республикалардын чектерин аныктоо менен тең укуктуу комиссия алектенген. Бирок Москвадан келген адистер ал жерлердеги көчмөндөрдүн жашоосунун өзгөчөлүктөрүн эске алышкан эмес.
«Кыргыздар тигил же бул аймакта күздөн жазга чейин көпчүлүктү түзүп, ал эми жазында жайлоолорго кетишчү. Анан ал жерлерде отурукташкан өзбектердин, тажиктердин өкүлдөрү көп болуп калышчу — ал улуттардын дыйканчылык менен алектенгендери кыргыз жерлерин ижарага алышып, иштетип келишкен. А комиссия болсо жай мезгилинде иштеген жана ал жагдайды эске алган эмес. Жыйынтыгында ал маселе кыргыздардын пайдасына чечилбей калган», — деди ОшМУнун тарых факультетинин деканы Сыдык Смадияров.
***
Биз Орто-Токой деген кыргыз айылына жөнөдүк. Ал суу сактагычтан бир чакырымга жетпеген алыстыкта жайгашкан. Борбордук көчөдөгү үйлөрдүн бирине калпак кийген ондогон эркек кишилер топтолуп жатышат — анда каза болгон адамдын тажыясы болуп жатыптыр.
«Биз [суу сактагычтын айланасындагы абалды] түшүнбөй элебиз. Аны президенттер, депутаттар чечиши керек. Мен мында төрөлгөндөн бери жашайм. А ал [бөлүштүрүү] бизге чейин эле болгон», — деди айылдыктардын бири Каримжан Ниязалиев.
Мында аймакта жаралган абал үчүн бийлик жооптуу экендиги тууралуу пикирлер абдан кеңири жайылган.
«Бул суу бизден барат, а алар — ээлик кылып жатышат. Бир дагы тыйын төлөшпөйт. Мамлекетке дагы, айыл өкмөткө дагы. Биздин өкмөт эмнени ойлоп жатат?» — деп нааразычылыгын билдирди дагы бир айыл тургуну Акмырза Сатыбалдиев.
Дильфуза Исмаилова менен биз Орто-Токойдогу анча чоң эмес имаратта жайгашкан жеке клиниканын имаратынын жанынан тааныштык. Ал жакка бейтаптар менен дарыгерлер жергиликтүү жаңылыктарды талкуулоого чогулушкан. Ал клиникада кыргыздар дагы, өзбектер дагы дарыланышат.
«Баарыбыздын эле тынчыбыз кетип жатат. Бул эки мамлекеттин көйгөйү, бирок жашоочулар кыйналып жатышат. Кайрадан улуттарга байланышкан маселеге айланууда. Алар өз ара чек араны бөлүшө албай жатышат, а мында калктар ортосунда болууда. Жеке мен коркуп жатам. Чыңалуу сезилүүдө», — деди ал.
Аялдар жаңжалдын маанисин анча түшүнбөй жаткандыктарын айтышууда. Бирок алар айылындагы тынчтыкты эч нерсе буза албайт деп үмүттөнүп жатышат.
«Эң башкысы, биз революцияларды каалабайбыз. Өткөндө андай болгондо менин ден соолугум кескин начарлап кеткен: жүрөгүм, кант, кан басымым. Ага чейин андай болгон эмес», — деди клиникадагы бейтап Мухабат Курбаналиева.
***
Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Ал катчысы аркылуу бизди орун басарына жөнөттү. Орун басары болсо маанилүү жолугушууга бара жатканын айтып, бизге маек курууга жетишпей каларын билдирди. Акимдин өзү менен биз анын иш бөлмөсүнүн кире беришинен жолуктук — айтымында, ал жыйынга шашып жатыптыр.
— Бизге жогору жактан эч кандай түшүндүрмө бербегиле деп айтышкан, — деди аким шашып баратып.
— Көп болсо эки мүнөт, — дедим мен сураным.
— Жок, менин убактым жок. Убакыт жок, кечирип койгула!
— Бийликтин өкүлү катары жооп берип коесузбу.
— Бизге болбойт. Тыюу салышкан!
— Ким тыюу салды эле?
Чиновник тепкичтен тез түшүп, акимиликтин чубама далисин аралап кетти.
Кербендиктер сыяктуу эле Ала-Буканын жашоочулары дагы 22-мартта митингге чыгышып, өзбек аскерлеринин аракеттерине нааразычылыктарын билдиришкен. Ал күнү премьер-министр Темир Сариев Кербенде чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, андан соң Ала-Буканы көздөй жөнөгөн. Аларды бир гана жол бириктергендиктен жергиликтүү жашоочулар сыяктуу эле ири чиновникке да өзбек блокпосттору аркылуу өтүүгө туура келген.
Ала-букалыктардын алдында сөз сүйлөгөндөн кийин Сариев айылдыктардын суроолоруна жооп бербестен эле жергиликтүү айыл өкмөтүнө жөнөгөн. Анын кортежин биз жолубуздун башында эле, Кербенге кире бериштен жолуктурганбыз.
«Адамдар алардын мындай аракеттерине нааразы. Бул жолго 20 жыл болду, анан туруп эле мындай кылганы болбойт! Тосмо коюшуп, өзбек тилинде жазылган такта илип коюшту — «Паспорттор менен өткөрөбүз» деп. Алардын бул кылганы туура эмес», — деп кыжырдануусун билдирди ала-букалык укук коргоочу Елена Иванова.
Иванованы Ала-Букада табуу абдан оңой — аны жергиликтүү тургундардын баары билет. Ал кыргыз тилинде, өзбек тилинде сүйлөйт жана айланада болуп жаткан нерселер тууралуу бардыгын билет.
«25 жылдан бери унчукпагандыктары нааразы кылууда. Биздики дагы, өзбек тарап да унчуккан эмес. Бул жол курулуп жатканда да эч нерсе дешкен эмес. Бирок эмнегедир 25 жыл өткөндөн кийин кандайдыр бир талаптарын кое башташты. Ал 25 жылдан бери бала төрөлүп, чоңойп, азыр өзү балалуу болду. А эки өлкө, өкмөттөрү чек араны тактай албай келишет», — деди Иванова.
***
Ала-Букадан Ошко биз ошол эле жол менен кайттык. Эми блокпосттогу өзбек аскерлери айдоочу менен жүргүнчүлөрдөн чет өлкөлөргө чыгуучу сырткы пастпортторду талап кылып башташты.
— Ассалам алейкум, — деп учурашты өзбек аскери.
— Алейкум ассалом, — деп алик алды айдоочу.
— А силердин сырткы паспортуңар кана?
— Сырткы паспорт? Кандай сырткы паспорт?
— Бар го, чоң паспорт.
— Чоң паспорт жок. Кыргызстанда андай жок.
— Азыр силер Өзбекстандын аймагына кирип бара жатасыңар. Сырткы паспорт алып жүрүү керек. (Жүргүнчүлөргө кайрылып) А силердин паспортуңар кана?
— Баарынын паспорттору бар.
— Мен бардык паспортторду текшерип чыгышым керек.
— Сиз айдоочусуз да?
— Ооба, мен айдоочумун.
— Эмнеге жүргүнчүлөргө Өзбекстандын аймагына кирип бара жатканыңарды айтып эскерткен эмессиз?
— Мен токтодум го.
— Албетте, токтойсуң да! Мен жүргүнчүлөргө паспортторун колдоруна алып даярдап турушсун деп эскертпейт белең деп атам.
— Качантан бери…. (бул жер Өзбекстандын аймагы болуп эсептелет)? — деп сөзгө аралашты биздин коштоп жүрүүчүбүз.
— Сиздин күбөлүгүңүз барбы? — деп суроого суроо менен жооп берди өзбек аскери.
— Кандай күбөлүк? Мен жарандык адаммын!
— Сиз аскер кызматкерисизби?
— Мен жарандык адаммын.
— Паспортуңуз гана?
— Чөнтөгүмдө, чөнтөгүмдө деп атам.
— Паспортуңузду көрсөтүңүз!
— Сага менин паспортумдун эмне кереги бар? Мен өзүбүздүкүлөргө көрсөтпөйм, а силерге болсо таптакыр эле көрсөтпөйм.
— Паспортуңузду көрсөтүңүз, сиз Өзбекстандын аймагына кирип жатасыз. (Үнүн көтөрүңкү чыгарып) Сизге эскертим жатам!
— Бул жер качантан бери Өзбекстандын аймагы болуп эсептелет? Качантан бери?
— Түшүнгөн жокмун! Азыр силер Өзбекстандын аймагындасыңар. Бул жерде эч ким жөндөн жөн эле турбайт. Документтериңиз барбы?
—Бар!
— Көрсөтүңүз!
— Жанымда жок, сырткы паспортумда алып жүрбөйм.
— Документтериңизди жаныңызда алып жүрүңүз.
— Мындан ары алып жүрөм.
— Сизге эскертип жатам!
— Мындан ары алып жүрөм.
Айдоочуга кайрылып), алып жүрүшсүн деп айтыңыз.
— Макул!
Ала-Букадан сырткы дүйнөгө чыга турган жалгыз жол 10 жыл мурда курулган. Ага чейин жергиликтүү жашоочуларга коңшу Кербенге, Жалал-Абадга жана өлкөнүн башка шаарларына Өзбекстандын аймагы аркылуу барууга туура келчү. Бирок жаңы жолдун айрым бөлүктөрү тактала элек тилкелер аркылуу өтөт.
Күндүз Ала-Бука менен Кербендин ортосундагы жолдон Үңкүр-Тоо жакшы көрүнүп турат. Ал аны Өзбекстанга бере тургандыктары жөнүндөгү билдирүүлөрдөн кийин кызуу талкууга алынып баштаган. Анда кыргыз тараптын телекоммуникациялык жабдуулар жайгашкан. Ала-букалыктар 2013-жылы Үңкүр-Тоого тик учак менен өзбек чек ара десанты түшкөнүн кыжырдануу менен эстешет.
Ушул эле жолдон Нанай өзбек айылын бойлой казылган аңгектер көзгө урунат. Айрым жерлерде айылдыктардын үйлөрү унаалар өтө турган жерден бир нече ондогон метр гана алыстыкта жайгашкан, бирок алар тосмолор менен курчалган.
***
Өткөн кылымдын 20-жылдарында Орто Азиядагы улуттук мамлекеттердин чек араларын бекитүү союз бийлиги тарабынан жергиликтүү улуттардын келечектеги тагдырын чечүү катары эмес, а биринчи кезекте чарбачылык маселе катары каралган, деп эсептейт тарыхчы Сыдык Смадияров.
«Анан да ал кезде интернационализм идеологиясы болгон. Ал идеология боюнча улуттар убактылуу көрүнүш катары кабыл алынган. Албетте, ал улуттук чек аралар убакыттын өтүшү менен жоюлушу керек болчу. Жаңы, советтик эл деген жаңы коомчулук пайда болушу керек болчу», — деди тарыхчы.
Анын айтымында, ал кезде Москва үчүн натыйжалуу жана ыңгайлуу административдик-аймактык башкаруу түзүү приоритет болгон.
«Анда ХХ кылымдын башында Советтер союзу тарап кетет деп эч ким ойлогон эмес. Ал чыныгы чарбалык маселе болгон. Анда кандай гана маселе болбосун Москва аркылуу чечилчү. Совет убагында бул маселе көтөрүлгөн эмес, эч кандай жаңжалдуу кырдаалдар болгон эмес. Жаңжалдын баары кайра куруу мезгилинде башталган», — деди тарыхчы.
***
Өзбекстан Чаласарт чек ара аймагына өз аскерлери менен аскер техникаларын киргизгенден бир апта өткөндөн кийин, 25-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Чек ара аскерлигинин башчысы Рустам Эминжанов жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен 26-мартта кыргыз жана өзбек аскерлери тактала элек чек ара тилкесинен чыгып кетишкен.
Дүйшөмбиев Kloop.kgге курган маегинде азыр Чек ара кызматы алдыда чыңалуу абалдарынын жаралышына жол бербөө үчүн тактала элек тилкелерге көңүл буруп жатканын билдирди.
«Биз мамлекеттик чек арадагы кийинки абалды, алдыда бул сыяктуу жагдайлардын жаралбашы үчүн буга чейин келишилген макулдашууларды аткаруу жана 26-март күнү саат 8ден тарта күнүмдүк кызмат өтөө режимине өтүүнү талкууладык. Бардык маселелер тынчтык жолу менен, сүйлөшүү жана дипломатиялык жол менен чечилиши керек», — деди кыргыз чек арачыларынын башчысы.
Авторлор: Хлоя Гейне, Дастан Үмөттегин жана Азамат Каработоев
Контрибьютор: Айжамал Мураталиева
Редакторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Анна Лелик