Оппозиция Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү ыктымалдыгына каршы митингин өткөрбөй турган болду. Уюштуруучулардын айтымдарында, алар митинг башталганга чейин эле маселенин парламентте талкууланышына жетишишкен.

Митинг 30-мартта Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өтүшү керек болчу.

Анда Үңкүр-Тоонун Өзбекстанга берилиши ыктымалдыгы тууралуу маселе көтөрүлмөк. Бирок ал маселе парламентте талкуулангандан кийин оппозиция митинг өткөрбөй эле коюу чечимине келген.

«Кечээ алар [депутаттар] биздин митинг өткөрө тургандыгыбызды угушуп дароо жабык жыйын өткөрүштү. Ошондуктан биз түндө болушунча көп адамга митингге келбегиле деп эскертүүгө жетиштик. Антпесек бизди чечим кабыл алынганына карабай митинг өткөрүштү деп айыпташмак», — деди уюштуруучулардын бири Мамбетужунус Абылов.

29-мартта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоодогу радиореле станциясын башка жакка көчүрүү маселесин талкуулап, жыйынтыгында аны мурдагы эле ордунда калтыруу чечимин кабыл алышкан.

Тема боюнча: Аксыдагы телемунара жайгашкан жер кимге таандык?

Үңкүр-Тоо маселеси коомчулукта ал аймакты Өзбекстандын менчигине берүү ыктымалдыгы тууралуу документ социалдык түйүндөргө жарыялангандан кийин кызуу талкууланып баштаган.

Үңкүр-Тоонун айланасындагы талаш-тартыштар боюнча K-News агенттигинин видеосу:

Тоонун өзү кыргыз-өзбек чек арасынын өлкөлөр эгемендүүлүккө ээ болгондон бери так аныктала элек тилкесинде жайгашкан.

Бийлик ал жарыяланган документтин «жасалма» экендигин бир нече жолу расмий түрдө билдирип, тоо Өзбекстан бийлигине берилген деген билдирүүлөрдү «сандырактык» деп атаган.

Парламенттик комитет Башкы прокуратурага өкмөттүк документтин окшотуп жасалышы ыктымалдыгын текшерип, ага юридикалык баа берүүнү тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жогоруда айтылган маселелер боюнча 2016-жылдын 20-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине толук маалымат берүүсү керек», — деп жазылган парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.