Кыргыз режиссеру Кымбат Адылбекованын «Таксист» тасмасы Канн кинофестивалынын кыска метраждуу тасмалардын атайын бөлүмүндө көрсөтүлөт. Фестивалдын өзү 2016-жылдын майында болот.

Кымбат Адылбекованын «Таксист» аталышындагы кыска метраждуу тасмасы эл аралык Канн кинофестивалынын программасына киргизилди. Адылбекова сынактын уюштуруучуларынан расмий чакыруу катын 29-мартта алды.

«Алар кечээ, болжол менен кечки саат 5те чечим кабыл алышты. Качан алардын сайтына тасмалардын тизмеси чыкканда мен: «Бул Канн, мен Канн фестивалына барам» деп кыйкырып жибердим. Мен эки апта мурда эле фестивалга жок дегенде көрүүчү катары барсам абдан кубанар элем деп «Фейсбукка» жаздым эле. Абдан тез жооп келди», — деди Адылбекова Kloop.kgге курган маегинде.

«Таксист» тасмасы — Кыргыз-түрк «Манас» университетинин радио факультетинде окуган Адылбекованын дипломдук иши.

12495142_1689475431293786_1278510157686578706_n

Режиссердун айтымында, «Таксист» тасмасы фестивалдын Short Film Corner деген атайын бөлүмүндө көрсөтүлөт. Программанын ал бөлүгүндө көрсөтүлгөн тасмалар башкы сынакка катышпайт. Бирок ал бөлүм үчүн тасмалар абдан катаал тандоодон өтүшөт.

«Бул сынактан сырткары катышуу, Short Film Cornerдеги тасмалар өзүнчө кинотеатрларда көрсөтүлөт. Ал жаш режиссерлор үчүн чоң киного карай жол жана өлкө үчүн бетачар, анткени ал жакка киноөндүрүшүнүн дүйнөлүк ишмерлери барышат эмеспи: продюсерлер, киносынчылар, режиссерлор. Анда айрым продюсерлер өз кинофестивалдары үчүн тасмаларды издешет», — деди Адылбекова.

Айтымында, фестивалга баруу үчүн ал каражат табышы керек.

«Алар эки кишиге аккредитация беришти. Продюсерим менен барам го, бирок ал азырынча талкууланып жатат. Азыр мен даярданып, каражат издеп жатам. Краудфандинг кылып көрсөмбү деп атам. Жардам берүүнү каалаган кишилер табылса жакшы болот эле», — деди режиссер.

Кыска метраждуу «Таксист» тасмасы «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалында гран-прини утуп алган. Ошондой эле Чехияда өткөн эл аралык кинофестивалда «Мыкты дебюттук тасма» номинациясы боюнча сыйлык алган. Түркиядагы студенттик фестивалда тасма экинчи орунга ээ болгон.

Тасмада жаман окуяга кабылган кыз тууралуу айтылат. Аны ал чатактуу иштен күтүүсүздөн пайда болгон таксист куткарат. Эртеси кыз өзүнүн куткаруучусун издеп жөнөп жана окуянын үрөйдү учурган майда-чүйдөсүнө чейин билет.