Москванын полициясы өз мекендештеринин батирлерин тоноп жүргөн кыргызстандыктарды кармады. Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлү тоноочулардан жабыркагандар полицияга кайрылуулары керектигин билдирди.

29-мартта Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев «Фейсбуктагы» баракчасына кыргыз тоноочуларынан жабыркагандарды полицияга кайрылууга чакырган билдирүүсүн жайгаштырды.

Анын айтымында, полиция 2016-жылдын мартында Москвадагы мекендештеринин батирлерин тоногон Кыргызстандын эки жаранын кармаган.

«Москва полициясы менен жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгында ушул жылдын 2-мартынан 24-мартына чейин беткап кийип, тапанча жана бычак менен коркутуп мекендештеринин батирлерин тоноп жүрүшкөн кылмышкерлер кармалышкан», — деп жазды Алиев.

Батирлердин бириндеги видеокамера тоноочу эшиктин коңгуроосун басып, андан соң беткап кийип үй ээсине тапанча такап жаткандыгын тартып алган. Ал тасманын үзүндүсү Алиевдин «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланды.

(function(d, s, id) { var js, fjs = d.getElementsByTagName(s)[0]; if (d.getElementById(id)) return; js = d.createElement(s); js.id = id; js.src = "//connect.facebook.net/ru_RU/sdk.js#xfbml=1&version=v2.3"; fjs.parentNode.insertBefore(js, fjs);}(document, 'script', 'facebook-jssdk'));

Опубликовано Аскатом Алиевым 29 марта 2016 г.

Аскат Алиев тарабынан 2016-жылдын 29-мартында жарыяланган.

Кармалгандардын тек-жайы аныкталды — алар 23 жаштагы С.у. Э. менен 27 жаштагы И.Н.Т болуп чыгышкан. Полициянын маалыматы боюнча, алардын аракеттеринен 20дан ашык киши жабыркаган, бирок азырынча алардын алтысы гана укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Буга чейин да Кыргызстан жарандарынын бул сыяктуу арыздар менен Москва полициясына кайрылган учурлар кездешкен.

2012-жылдын мартында ички иштер башкармалыгына жеке фирмада айдоочу болуп иштеген Кыргызстандын жараны кайрылган.

Ал белгисиз адамдар анын унаасын тартып алгандыктарын билдирген. Полиция ошол эле күнү төрт кишини кармаган. Алар дагы дайыма иштей турган жумушу жок Кыргызстандын жарандары болуп чыгышкан.