Азырынча Өзбекстан чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу Кыргызстандын чакыруусун кабыл ала элек.

Чек араларды делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Өзбекстан талкууларды улантуу тууралуу Кыргызстандын чакыруусуна жооп бербей жаткандыктан улам убактылуу токтоду, деди Kloop.kgге чек ара маселелери боюнча өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаров.

«Азыр сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду. Биз чакырууларды жөнөтүп жатабыз, азырынча алар жооп бербей жатышат. Алар макулдугун билдиргенден кийин сүйлөшүүлөрдү улантабыз», — деди Искандаров.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан өлкөлөр ортосундагы чек ара чийини өтүшү керек болгон эки башка документти сунуштап жатышат.

«Эгер сүйлөшүүлөрдүн башында бирдиктүү документ кабыл алынса, анда мунун баары жакында аяктайт деп үмүттөнүүгө болор эле», — деди өкмөттүн өкүлү.

Искандаров Кыргызстан менен Өзбекстан талаштуу жерлердин 1050 чакырымын тактаганын, бирок чек аранын дагы 300 чакырым жери такталбаган бойдон калып жатканын айтты. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн качан баштала тургандыгы белгисиз.

«Аны эч ким айта албайт, анткени маселе кыйын, кыйкымдуу, анда тараптардын кызыкчылыктары бар», — деди кыргыз тараптын сүйлөшүү комиссиясынын мүчөсү.

Комиссиянын курамына эки тараптан тең министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, губернаторлордун орун басарлары, райондук жана жер кызматтарынын жетекчилери, картографтар, тарыхчылар жана юристтер киришет.

Чек ара маселелери боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр эки тарап тең Ала-Бука районунун Чаласарт аймагындагы тактала элек тилкеге өз аскерлерин алып барып жайгаштырган абал тынчыгандан кийин демилгеленген.

Ал аймакта эки тараптын аскерлери 18-марттан 26-мартка чейин, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара жетекчилери аскер техникалары менен аскерлерин чыгарып кетүү боюнча макулдашууга келишкенге чейин турушкан.

Тажикстан менен оз ара түшүнүшүү

Кыргызстандын Өзбекстан гана эмес, Тажикстан менен да тактала элек чек ара тилкелери бар. Бирок тажик бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өз ара түшүнүшүп, 500 чакырымдан ашык чек ара тилкелерин такташкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тактала элек дагы 450 чакырымдан ашык чек ара калды.

Президент Атамбаев журналисттер менен болгон 24-марттагы жолугушуусунда чек араларды тактоо боюнча келишимге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен 2016-жылдын май айында кол коюла тургандыгын билдирген.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасын түзүп турат. Ошондой эле абалды өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында жайгашкан анклавдары да курчутуп турат.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып турат.

Чек араларды тактоо маселеси СССР таркагандан бери чечилбей келет, анткени Борбор Азия өлкөлөрү өз аймактарын тактоо боюнча түрдүү документтер менен карталарды сунуштап келишет.