Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык схемаларды аныктады. Аламүдүн райондук мамкаттоо кызматкерлери айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз каттоодон өткөрүүго шектелип жатышат.

Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жерге байланышкан бүтүмдөрдү мыйзамсыз каттоого шектелип жатышат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

«Айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин ээлеринин алдамчылык аракеттеринин жыйынтыгында Лебединовка айыл аймагындагы «Өскөн Ордо» конушуна 200дөн ашык жеке турак-жай курулган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Экономикалык кылмыштарга каршы күршүү кызматынын маалыматына ылайык, Мамкаттоо кызматкерлери үйлөр курулган 39,7 гектер жер курулуш үчүн эмес, а айыл чарба керектөөлөрү үчүн пайдаланууга арналгандыгын билишкен.

Мекемеден ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлдөрү Аламүдүн мамкаттоо кызматына бир канча жолу кайрылгандыктарын, бирок алар кызмат абалдарын кыянат пайдалануу менен эки жылдан бери жер тилкелерин мыйзамсыз каттоодон өткөрүп келишкендигин билдиришти.

Укук коргоо органдары кызматкерлерге карата Кылмыш кодексинин 166-беренеси менен каралган «Алдамчылык» жана 304-беренеси менен каралган «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» боюнча кылмыш ишин козгошту. Ал беренелерге ылайык, кызматкерлер айып пул төлөп же беш жылдык мөөнөткө чейин эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.

Аламүдүн мамкаттоо кызматынан Kloop.kgге кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу маалыматка ээ эмес экендиктерин айтышты.