31-мартта ЕККУнун төрагасы жана Германиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Ал өлкө президенти менен кызматташуу жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулады. Эки күн мурда Штайнмайер Өзбекстанда болгон, жакында Тажикстанга да барат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы жана Германиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга 31-мартта келди.

Штайнмайердин өлкөнүн парламенти жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен гана эмес, ошондой эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен да жолугушуусу пландалган.

Кыргызстан ТИМи билдиргендей, жолугушуулардын күн тартибине эки тараптуу кызматташуу маселелери, саясий диалогду өнүктүрүү, аймактык коопсуздук, терроризм менен күрөшүү жана ЕККУнун алкагында өз ара кызматташуу маселелери кирет.

Штайнмайер Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, Борбордук Азиядагы коопсуздукту талкуулады.

Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанда 1-апрелге чейин болуп, андан ары Тажикстанга барат. Германия ТИМинин башчысы эки күн мурда Өзбекстанда болуп, анда да өлкөнүн тышкы иштер министри жана президенти менен жолугушууларды өткөргөн.

ЕККУнун төрагасынын сапары жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттерде бир топ суроолорду жаратты. Алар эмне себептен анын сапары үчүн Борбор Азия аймагындагы дал ушул үч өлкөнүн тандалып алынганына кызыгышты.

Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адис Себастиан Шик Deutsche Welle немис басылмасына курган маегинде Штайнмайердин сапарын Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланышты калыбына келтирүү катары бааласа болорун билдирди. Анын пикиринде, тандалган өлкөлөр менен Германиянын мамилелери анчалык туруктуу эмес, ошол эле маалда башка өлкөлөр менен болгон мамилелери ишенимдүү деңгээлде.

«Германиянын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан менен болгон мамилелерин ишенимдүү деңгээлде деп айтууга болбойт. Ал өлкөлөр канчалык түрдүү болушпасын, алардын бардыгы тең — анчалык туруктуу эмес, а алар менен болгон мамилелер кемчиликтүү», — деген пикирин билдирди Шик.

Мурдагы тышкы иштер министри жана Кыргызстандын ЕККУдагы өкүлү Аликбек Жекшенкулов «Азаттык» радиосуна курган маегинде европалык чиновниктин сапарынын максаты жер-жерлердеги абал менен таанышуу жана пикир алмашуу болушу мүмкүндүгүн божомолдогон.

«Менин оюмча, сапардын негизги максаты жер-жерлерде болуп, абал менен таанышуу жана пикир алмашуу. Ошондой эле терроризм, экстремизм, маңзаттарын ташууга каршы туруу маселелерин көтөрөт деп ойлойм», — деген Жекшенкулов.