Бишкек циркинде маскарапоздордун биринчи фестивалы болуп өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Украинанын жана Молдованын артисттери катышышты.

1-апрелде Бишкекте маскарапоздордун биринчи фестивалы болду. Ага Бишкектин, Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын 13 артисти, ошондой эле Казакстан, Украина жана Молдовадан келген беш мейман катышышты.

IMG_4000

Фестивалдын уюштуруучусу Клара Тажиева артисттердин өнөр көрсөтүүлөрү сыноо катары болгонун билдирди. Айтымында, көрүүчүлөр ыраазы болушту, ошондуктан цирктин маскарапоздордун эл аралык фестивалын уюштуруу пландар бар.

«Биз майрамдык атмосферанын бардык көркөмдүгүн берүүгө аракет кылдык. Ал биздин колубуздан келди деп ойлойм. Программа дээрлик эки саатка созулду. Балдарга циркте маскарапоздор менен жаныбарлар жакты. Биз номурларды түрдүү кылууга аракеттендик», — деди ал.

IMG_3852

IMG_3906

Тажиева фестивалды өткөрүүгө 1-апрель бекеринен тандалып алынбаганын кошумчалады. Шоу атайын эл аралык күлкү күнүнө карата даярдалган.

Маскарапоздордун өнөр көрсөтүүлөрүнө күбө болууга шаар тургундар балдары менен бирге келишкен. Жаш көрүүчүлөр менен катар алардын ата-энелери да күлкүгө чөмүлүштү — артисттер аларга да көңүл бурууга жетишишти.

«Биз үй-бүлөбүз менен келдик. Мен, жолдошум жана уулум. Балама абдан жакты. Бизге дагы. Биз күткөндөй болду. Убакытты бекер короткон жокпуз. Мүмкүнчүлүк болгондо сөзсүз дагы келебиз», — деп белгиледи Каныкей Исмаилова.

IMG_3980

IMG_3976

Маскарапоз Станислав Анищенко көрүүчүлөргө самын көбүктөрү шоусун жана дагы бир артист менен биргеликте жуптуу акробатикалык номур тартуулады.

IMG_3718

«Бизди дайыма жакшы, позитивдүү маанайда, көңүлдүү тосуп алышат, анан да биз көңүлдү көтөрө турган кооз кийимдерди кийгенбиз. Балдар, сыналгы көрбөгүлө, циркке келгиле. Маскарапоздорду жакшы көргүлө», — деди ал.

IMG_3478

IMG_3399

Евгений Руденко Украинадан келген. Бул анын Бишкектеги алгачкы оюн көрсөтүүсү эмес.

IMG_3566

«Бүгүн биз алкактар менен тамашалуу номурларды көрсөттүк. Бардыгы позитивдүү маанайда өттү. Балдар алдоого мүмкүн болбогон көрүүчүлөр. Балдар үчүн жоопкерчилик менен иштөө керек», — деди ал.

Андрей Сабянин күлкүлүү жонглёрлор менен велофигуристтердин өкүлү катары катышты. Анын айтымында, Кыргызстанда маскарапоздордун жетишсиздиги жок.

IMG_3439

«Циркти жакшы көрөбүз, анткени цирк — бул кубаныч, позитив. Анын таасирине берилесиң да аны менен өмүр бою жашайсың. Бизде таланттуу балдар бар. Биринчи май чыгармачылык борборунда цирк студиясы иштейт — балдар ошол жерге барышып, цирк жанрларына үйрөнүшөт», — деди ал.

IMG_3794

IMG_3658

IMG_3634

IMG_3366

Автор: Даниил Ляпичев