«Түндүк электр» компаниясынын кызматкерлери 3 млн. сомдук мүлктү өздөштүрүп алууга шектелип жатышат. Милициядан энергетикалык компаниянын жумушчулары 2013чү жана 2014-жылдары техникалык жабдууларды мыйзамсыз эсептен чыгарышып, өздөрүнө алып алышкандыгын билдирди.

«Түндүк электр» компаниясынын бөлүмдөрүнүн биринин кызматкерлери техникалык жабдууларды мыйзамсыз эсептен чыгарып, өзүнө алып алышкан деп шектелип жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Текшерүү 2013чү жана 2014-жылдары Сокулук райондук электр түйүндөрүнүн жооптуу кызматкери «Түндүк электр» ишканасынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси менен сүйлөшүп алып, 3 миллион 800 миң сомдук товардык-материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаргандыктары аныкталды», — деп жазылган пресс-релизде.

Маалыматка ылайык, компаниянын кызматкерлери жарактан чыккан электр чубалгыларын, электр тосмолорун жана башка жабдууларды эсептен чыгарышкан. Чынында ал техникалык жабдуулар аягына чейин пайдаланылбагандыгы жана кампага жеткирилбегендиги аныкталган. ИИМдин маалыматы боюнча, ал документтер жасалма болгон.

Компаниядан ал алдамчылыкка тиешеси бар кызматкерлер тергөө аяктаганга чейин өз милдеттерин аткаруудан четтетиле тургандыктарын билдиришти.

«Мыйзам боюнча, биз күнөөсү далилденгенге чейин кызматкерлерди жумуштан кетире албайбыз. Бирок тергөө аяктаганга чейин компаниянын жумушчулары өз милдеттерин аткаруудан четтетилишет» , — деп билдиришти «Түндүк электр» ишканасынын өкүлдөрү расмий жообунда.

Прокуратура Кылмыш кодексинин 171-беренесинин экинчи жана төртүнчү бөлүктөрү менен каралган «Ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү өзүнө алуу жана коротуу» боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул беренеге ылайык, айыпталуучулар айып төлөп же беш жылга чейин эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.