Мышыктар митингде, эстеликти уурдоо, маалымат жыйыны убагындагы төрөт — 1-апрелде кыргыз ЖМКлары менен соцтүйүн колдонуучуларынын дагы эмнелер жөнүндө тамашалагандыктары Kloop.kgнин материалында.

1-апрелде кыргыз ЖМКлары күлкү күнүндө окурмандарынын маанайын көтөрүү үчүн тамашалуу жаңылыктардын жарыялашты.

Мышыктардын митинги

«Вечерний Бишкек» басылмасынын интернет-редакциясы бычууга каршы митингге чыккан мышыктар тууралуу жаңылык жарыялады.

«Нааразычылык акциясынын катышуучулары кыргызстандыктар аларды (мышыктарды) зордоп бычууга алып баруу менен алардын конституциялык укуктарын — тандоо жана тандалган болуу (сексуалдык жактан алганда  — vb.kg) укуктарын бузуп жатышат деп эсептешүүдө», — деп жазылган жаңылыкта.

«Вечерканын» журналисти Назгүл Бегалиева материалга депутаттардын, ошондой эле парламент менен өкмөттүн басма сөз кызматтарынын түшүндүрмөлөрүн да кошкон.

Юмор департаменти

«АкиПресс» маалымат агенттиги парламенттеги булактарына шилтеме жасоо менен Кыргызстанда Юмор департаментин түзүү сунушталып жаткандыгы тууралуу жазды.

Агенттиктин булагынын айтымында, департаменттин директору «театр директорлорунун туугандарынын сунушу менен өкмөт башчысы тарабынан дайындалат».

Маалымат жыйынындагы төрөт

«Турмуш» басылмасынын Оштогу өкүлчүлүгү өз маалымат-борборунда төрөт уюштуруп, анын журналисттер «баланын атасы үйлөнүүдөн баш тарткан 17 жаштагы кыздын төрөтү» тууралуу кыска видео тартышкан.

Акаевдин келиши

Gezit.kg деген кыргыз электрондук гезити биринчи апрелдик тамаша катары Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевди тандап алган. Басылма анын Кыргызстанга келгендиги тууралуу жазган.

«Ак үйдөгүлөрдүн айтканына ишенсек, Аскар Акаевич былтыр үйлөнгөн уулу Илимдин кайын журтунун алдынан өтүү үчүн келген экен. Туңгуч Президентти Роза Отунбаева жан-жөөкөрлөрүнүн коштоосунда тосуп алганы маалым болду», — деп жазган Gezit.kg.

Жаңылыктын айрым окурмандары ага ишенишкен, а башкалары какшыктап, Акаев бийликтен куулган экинчи президентти — Курманбек Бакиевди да ала келсе болмоктугун кошумчалашкан.

Өкмөт башчысынын отставкасы

«Фабула» гезити премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы жөнүндө тамашалоону чечкен.

Жаңылыктын соңунда ал атайын 1-апрель үчүн жазылгандыгы эскертилген.

«Ошентип, кечээ көптөн күткөндөй  эле Пре­зидент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Темир Сариевдин бир жума мурун жазган отставкага кетүү боюнча арызын кабыл алды», — деп жазган «Фабула».

Эстеликти уурдоо

«Кабар» маалымат агенттиги «Ала-Тоо» аянтындагы Манастын эстелигинин уурдалгандыгы тууралуу жаңылык чыгарды. Басылманын журналисттери жаңылыкка атайын кызмат өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн да кошушкан.

«Биз «Ала-Тоо» аянтына орнотулган көзөмөл камерасын карап чыктык, эстелик саат 1:30да турган, бирок 31-мүнөттө ал жок болуп калган… Бул 1-апрелге карата кимдир бирөөнүн тамашасыдыр. Биз эстеликти тез аранын ичинде алып келип коюуга чакырабыз! Андай кылышпаса алар кармалып, мыйзамдын бардык катаалдыгында жазаланышат», — деп жазган «Кабар» УКМКнын өкүлүнүн айткандары деп.

Гербдин плагиаты

«Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү эң популярдуу тамашалардын бири графикалык дизайнер Никита Тарасенконун билдирүүсү болду. Ал Бишкек шаарынын эн тамгасын Якутиянын Томмот шаарынын эн тамгасы менен салыштырып, андагы плагиатка көңүл бурууга чакырган. Колдонуучулардын бир бөлүгү ага ишенип алышкан, а калгандары эрикпестен якут шаарынын чыныгы эн тамгасын текшерип жиберишкен. Жыйынтыгында Томмоттун эн тамгасында бугу менен балык тартылганы белгилүү болгон.