Кыргызстанда күн сайын 10дон 30га чейин кыз ала качууга дуушар болот — алардын көбү уяттан жана улуулар тараптан болчу айыптоолордон коркуп ала качкан жигитке турмушка чыгууга аргасыз болушат.
Алтынай (аты өзгөртүлдү) 21 жашта. Ал өлкөнүн алты миллион калкынын көбү жашаган Кыргызстандын түштүгүндө, Ош облусунда жашайт.
Беш жыл мурда, ал 9-класста окуп жүргөндө аны белгисиз балдар ала качып кетишкен — алар Алтынайды унаага отургузушуп, белгисиз тарапты көздөй алып кетишкен.
Кыз аны болочок күйөөсүнүн үйүнө алып келишкенде гана аны ала качкандыктарын түшүнгөн. Аны ала качкан бала 20 жашта болгон жана ал маршруттук такси айдап иштечү.
«Дүкөнгө баратканда артыман унаа келип токтоп, үч бала чыгып мени унаага күчтөп отургузушкан. Мен каршылык көрсөтүүгө аракет кылгам. Алардын кимиси менин болочокогу күйөөм экенин билген да эмесмин. Кийин анын апамдын аталаш сиңдисинин баласы, Акыл экени белгилүү болгон», — деди ал.
Алтынайдын айтымында, анын туугандарынын бардыгы тең ала качууну «салт» жана «нормалдуу көрүнүш» деп эсептешкен, а болочок күйөөсүнөн качуу уят катары кабыл алынган.
«Ала качуу байыркы салт болгон, менин курбуларымдын көбү ушундай жол менен турмушка чыгышкан. Бирок мен азыр аны туура эмес деп эсептейм. Ала качуудан кийин мен качып кете алган жокмун, ал уят катары эсептелчү, анан да ата-энем мени кабыл албай коёбу деп да коркком», — деди ал.
Ала качуудан кийин Алтынай менен күйөөсүнө нике кыйылган, бирок алар чогу жашай баштагандан эки жыл өткөндөн кийин гана расмий түрдө ЗАГСтан каттоодон өтүшкөн.
«Мен мектепке баруумду уланта бергем, бирок үй жумуштары, кош бойлуулук мени мектепти таштоого аргасыз кылды, болгону тогузунчу гана классты аяктадым. Кызымды 17 жашымда төрөгөм, а 18 жашымда экинчисин төрөөгө жетиштим. Биз ошондо гана расмий түрдө ЗАГСта катталганбыз, кыздарыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу керек болчу да», — деди ал.
Алтынай кайын энеси менен бирге жашагандыктарын айтты. Алгачкы жылы күйөөсү ага жакшы мамиле кылган, бирок кийин анын мамилеси өзгөрүп кеткен — Акыл аны урушуп, ура баштаган.
«Кайын энем мага дайыма нааразы болуп турчу, бирде идишти жууганга жетишпей, бирде үй жыйнабайсың деп. Мен анда жаш болчумун да, а ал үйрөткөндүн ордуна мени урушчу. Кайын энем күйөөмө даттанып, анын айынан биз Акыл экөөбүз жөн жерден урушуп кетчүбүз. Ал мени урушуп, уруп, сөккөн учурлар да болгон», — деди ал.
Тез-тез кайталанган уруштар Алтынайды кетип калууга аргасыз кылган. Алар балдарын бөлүшүп алышкан: улуусун Акылга калтырып, кичүүсүн алып кеткен. Азыр Алтынай апасы менен жашайт, Орусияга иштеп келсемби деп пландап жатат.
«Ата-энем мени дароо эле кабыл алышты, анткени мен аларга даттанчумун, алар менин абалымды жакшы билишкен. Азыр мен ата-энем менен жашайм, бирок жакында акча иштеп табуу үчүн Орусияга кетем. Анда менин туугандарым көп, чакырып жатышат. Кызымды ала кетем, ал азыр беште, убактылуу эжемдикинде жашап турабыз», — деди ал.
Уул төрөп бере алган жок
Бишкектин 36 жаштагы жашоочусу Жаныбек биринчи аялын 2004-жылы ала качып алганын айтты. Ал кезде ала качууга дуушар болгон Асел (аты өзгөртүлдү) 18 жашта болгон — Жаныбек ал ага баш тартып коёбу деп корккондуктан улам ала качкан.
«Ал кошунам болчу. Анын чачы узун, көп сүйлөчү эмес. Мен аны жактырчумун, мамиле курууга аракет кылгам, бирок ал менин ал аракеттеримди кабыл албай, анан мени аны ала качып кетүүнү туура көрдүм», — деди ал Kloop.kgге.
Жаныбектин айтымында, ала качуудан кийин аялы ага дагы деле салкын мамиле кылуусун уланта берген. «Бирок убакыттын өтүшү менен ал мага көнө баштады», — деп кошумчалады ал.
Жаныбектин айтымында, кызы туулгандан кийин Асел туубай калган, анан ал мураскор болчу эркек бала каалагандыктан аны таштап кеткен. Алар алты жыл бирге жашашкан.
«Экинчи балалуу болуу аракетибизден майнап чыккан жок, дарыгерлер ал башка балалуу боло албай тургандыгын айтышты. Мен албетте мураскор болчу эркек баланы каалагам. Ошондуктан 2010-жылы аны менен ажырашып, башка аял алгам», — деди ал.
Айтымында, ал азыркы аялы менен бактылуу жашап жатат.
«Мен [Аселге] баарын калтырдым: батирди, "Дордойдогу" контейнерлердин бирин. Азыркы аялым менен бактылуу жашап жатабыз, ал мага эркек бала жана кыз төрөп берди. Биринчи аялым экөөбүздүн кызыбыз менен байланышып турам, бирок аны менен мамилебиз жакшы эмес», — деди Жаныбек.
Зордоп сүйдүрө албайсың
«Аялдарга жардам борбору» менен «Кыз коргон» институтунун маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда күн сайын 32 ала качуу учуру болуп турат — алардын алты учурунда кыздар зордуктоого кабылышат.
Мамлекеттик акыйкатчы институтунун 2014-жыл үчүн чыгарган статистикасы бир жарым эсеге аз — күнүнө 22 учур. Институттун маалыматы боюнча, ала качууга дуушар болгондордун 80 пайызы ала качкан жигитке турмушка чыгышат, а калган 20пайызы качып кетүүнү туура көрүшөт.
Мажбурлап турмуш куруу маселелери боюнча эксперт, «Открытая линия» уюмунун директору Мунара Бекназарова кыздардын ата-энелери алардын ала качкандар менен турмуш куруусуна жол бербеши керек деп эсептейт.
«Биринчиден, жашы жете электерди ала качуу үчүн камалышат. Экинчиден, жашы жете электер үчүн жоопкерчиликти ата-энелери алышат, алар андай үй-бүлө курууга жол бербеши керек», — деди ал.
Бекназарова мажбурлап үй-бүлө куруу андай үй-бүлөлөрдөгү балдардын билим сапатына терс таасирин тийгизе тургандыгын айтты.
«Ала качкан адамдын өзү анын балдары боло тургандыгы жөнүндө — алардын ден соолуктары жакшы болуп, апасы тарбия, билим бериши керектигин ойлонушу керек. Бирок эгер апасынын өзү бала болсо, анда ал анын баарын толук деңгээлде бере албайт да. Ал өзү билимсиз калып жатпайбы. Ата-энелери билимсиз болгон үй-бүлөлөрдө алар өз балдарынын өнүгүүсүнө салым кошушпайт, келечеги жок балдар төрөлөт», — деп эсептейт эксперт.
Ал ала качуунун себептери ар кандай болорун билдирди. Бирок айтымында, алардын арасынан үчөөсүн бөлүп көрсөтүүгө болот.
«Биз жаштарга ала качкандыктарынын себептери тууралуу суроо бергенде биринчи кезекте аларга кыздын жагып калгандыгы болгон. Экинчиде — кыз баш тартып коёт деп коркуу, тактап айтканда, эркекке баш тартууга болбойт, ошондуктан ушундай жолду пайдалануу жакшы деген коомдогу стереотип. Үчүнчү орунда спорттук кызыкчылык болгон — бирок андай үй-бүлөлөр олуттуу эмес, тез эле ажырашышып, кыздын ар-намысы кемсинтилет».
«Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова ага үй-бүлөлүк зомбулуктарга даттанган аялдар көп кайрыла тургандыктарын билдирди — айтымында, алардын көбүн эрте курагында ала качып кетишкен.
«35 жаштагы эки аял бирөөсүн 17 жашында ала качып кеткендиктерин, экинчиси көмүскө бүтүм боюнча тумушка чыгууга аргасыз болгонун, азыр анын үч баласы бар экенин айтышты. Анда ал турмушка даяр эмес болчу да. Көп өтпөй аны күйөөсү таштап кеткен, эми ал азыр балдары менен темселеп жүрөт», — дейт Рыскулова.
Эксперттин айтымында, ала качкандардын үй-бүлөсүндө калууга кыздарды улуулар тараптан жасалган психологиялык басым аргасыз кылат.
«Жашы жете элек кыздар турмушка чыкканда аларда эрте кош бойлуулук болот, организми жетиле элек, анан да мажбурлап берип атышса. Мунун баары психикага гана эмес, анын ден соолугуна да терс таасирин тийгизет. Айрым ата-энелер кызынын макулдугусуз эле анын тагдырын чечип коюшат», — деди ал.
Адам укуктарын одоно бузуу
Жазуучу жана феминист Данияр Айтман социалдык түйүндөрдө Кыргызстандагы аялдардын көйгөйүн көп чагылдырат. Ал эрте турмуш куруулар болбосо жакшы деп эсептейт, анткени жаштар толук кандуу үй-бүлөлүк жашоого даяр эмес болушат.
«Мен 20-22 жашка чейин турмуш курбай эле коюуу туура болот деп эсептейм, анткени бала дагы, кыз дагы андай куракта коомдун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары толук калыптана элек болуп, аларда ийгиликтүү үй-бүлө кура албай калуу ыктымалдыгы жогору болот. Андай куракта жаштар билим алып, кесипке ээ болуп, иш тажрыйба топтоосу керек, алар физикалык, моралдык жана материалдык жактан бекемделип, андан кийин гана үй-бүлө куруу тууралуу ойлоно башташы керек», — деп эсептейт ал.
Анын пикиринде, мажбурлап үй-бүлө куруунун алдын алуу үчүн укук коргоо органдары көбүрөөк демилге көтөрүүлөрү зарыл.
«Жашы жете электердин турмуш куруусу таптакыр жарабайт жана мыйзамсыз, анан да алар жаштардын эркине каршы болуп жатпайбы. Бул адам укуктарын, Кыргызстандын мыйзамдарын жана эл аралык укуктарды одоно бузуу болуп саналат», — деди ал.
БУУнун маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда аялдар менен кыздарга каршы жылына 3600дөн ашык кылмыш жасалат, алардын ичинде өлтүрүү, денесине зыян келтирүү, зордуктоо жана ала качуу кылмыштары бар.
Алдын алуу иштери
2012-жылдын декабрында, Кылмыш кодексине сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Ошондон бери ала качуу үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.
ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адыл Оморов Kloop.kgге укук коргоо органдары ала качуу жана эрте турмуш куруулардын алдын алуу үчүн жаштардын арасында алдын алуу иштерин жүргүзө тургандыктарын айтты.
«Участкалык милиционерлер жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен биргеликте жер-жерлердеги жаштар арасында дайыма ала качуу кылмыш экени жана эрте турмуш куруу коомдо нормалдуу эмес көрүнүш экендиги боюнча алдын алуу иштерин өткөрүп турушат», — деди ал.
ИИМдин расмий маалыматтарына ылайык, 2015-жылы Кылмыш кодексинин ала качууга жана турмушка чыгууга мажбурлоого байланышкан беренелери боюнча болгону 25 кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлгөн.
Оморов кылмыш иштеринин мынчалык аз экендиги ала качуудан кийин кыздар менен алардын туугандарынын милицияга кайрылбагандыгына байланыштуу экенин айтты.
«Эгер ала качуу боюнча арыз менен кайрылышса биз дароо эле аны кабыл алабыз, бирок көбүнчө ала качууга дуушар болгондор менен алардын ата-энелери уяттан жана элге жайылып кетүүсүнөн кооптонушуп арыз жазышпайт. Алгач ала качуу болгондон кийин алар милицияга кайрылышпайт, ала качуудан кийин алар ЗАГСта расмий каттоодон өтүшөт, андан кийин ал кылмыш болуп эсептелбейт», — деп жыйынтыктады ИИМ өкүлү.