Президент Алмазбек Атамбаев парламент депутаттарына 7-апрелди эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштады. Алты жыл мурда ал күнү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режими кулаган.

4-апрелде Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев парламентке 7-апрелди жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүүнү сунуштаган жарлыкка кол койду.

«Эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң оор, эң татаал соңку ашуусун элибиз 2010-жылдын 7-апрелинде ашып өткөнүн эске алып, [...] депутаттарга жылына белгиленүүчү «7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү» Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталсын», — деп жазылган документте.

2010-жылдын апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашуу болуп, коррупция менен үй-бүлөлүк башкарууга айыпталган ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин режими кулатылган.

Президенттин жарлыгы 7-апрелге гана тийиштүү болгон жок.

Атамбаев ошондой эле жыл сайын 17чи жана 24-мартты белгилөөнү сунуштады — 10 жылдан ашык убакыт мурда ал күндөрү Аксыда демостранттарга каршы ок атылып, 2005-жылы Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев бийликтен кетирилген «жоогазын» революциясы болгон.

«[2002-жылдын 17-мартында] бийлик өз элине каршы курал колдонуп, өз жарандарын өлтүрүп, өзүн сактап калган.

Үч жыл өткөн соң, 2005-жылдын 24-мартында, элибиз экинчи ирет өлкөнү талап-тоноп жаткан бийликке каршы көтөрүлүп, бул сапар жеңишке жеткен», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

2005-жылдын 24-мартында демонстранттар президент Аскар Акаевдин отставкасын талап кылып Ак үйдүн алдына чогулушкан. Андагы бийлик алмашуунун жыйынтыгында Акаев Орусияга качып кетип, ал жактан саясий башпаанек алган. Анын ордуна бийликке Курманбек Бакиев келген.

2010-жылдын 7-апрелинде «Бакиевдин кланына» кыжыры келген эл Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына чыккан. Президент милиция күчтөрүн мобилизациялап, имаратты коргоого алган. Белгисиз көзгө атарлар демонстранттарды атып баштаган. Кийин чогулган эл Ак үйдү жана башка бир катар мамлекеттик мекемелерди тартып алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен биргеликте жеке учак менен өлкөдөн качып кеткен, учурда Беларуста жашап жатат.