Google интернет-алпы өзүнүн онлайн-дүкөнүнөн «Талибан» кыймылы тарабынан түзүлгөн тиркемени өчүрдү. Ал жаңы тарапташтарды тартууга багытталган пропагандалык өнөктүктүн бир бөлүгү болгон.

Google онлайн-дүкөнүндөгү талибандардын тиркемесин өчүргөндүгү тууралуу 3-апрелде билдирди. «Талибандын» согушкерлери тарабынан түзүлгөн Alemarah тиркемеси кыймылдын ишмердүүлүгү тууралуу пропагандалык материалдар менен видеолорду таратышы керек болгон.

Согушкерлердин иштеп чыгуучусун интернеттеги экстремисттик материалдарга байкоо салган SITE Inter Group уюму 1-апрелде таап чыккан.

«Талибан» тиркемени «Андроид» операциялык системасында иштеген телефондор үчүн иштеп чыккан. SITE Intel Group билдиргендей, аны Google Playдин онлайн-дүкөнүнөн жүктөп алууга мүмкүн болгон.

Bloomberg басылмасынын маалыматы боюнча, тиркеме өз катарына дүйнөнүн бардык жерлеринен жаңы адамдарды тартууга багытталган талибандардын өнөктүгүнүн бир бөлүгү болгон. Ошондой эле ал согушкерлердин жаңы сайытынын популярдуулугун арттыруу үчүн түзүлгөн.

Радикал исламизди изилдөөчү Тор Хамминг «Гардиан» британ гезитине курган маегинде кыймылдын башкы максаттуу аудиториясы болуп пуштундар (Ооганстандын жергиликтүү калкы) эсептелгенин, анткени тиркеме пушту тилинде түзүлгөнүн билдирген.

Айтымында, ал кыймылдын Ооганстандын чыгышындагы таасирин күчөтүүгө мүмкүндүк бермек.

«Талибан» кыймылы өз идеяларын жайылтуу үчүн Facebook жана Twitter соцтүйүндөрүн жигердүү пайдаланат, бирок аталган компаниялар экстремисттик топтордун интернеттеги ишин токтотууга чараларды көрбөй келишет.

«Талибан» кыймылы Ооганстанда 1994-жылы пайда болгон. Ал пуштулардын арасында уюшулуп, өлкөнү 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып турган. Кыймыл Ооганстандын шаарларындагы террорчулук акциялары менен белгилүү. Алардын жыйынтыгында жайкын адамдар көп каза болушкан.

БУУнун Коопсуздук кеңеши кыймылды 2003-жылы террористтик деп тапкан.

Сүрөт: AP