Uphill форматындагы алгачкы жолу тоодогу жарыш Бишкектин четинде өттү. Кыргызстан менен Казакстандан барган жүздөн ашык катышуучу түрдүү сынактарга катышышып, өздөрүнүн чыдамкайлыктарын текшеришти.

2-апрель күнү Uphill мелдештеринин алкагында жүздөн ашык киши «Кара-Булак» эко-комлексинин аймагында тоого 400 метр чуркашты.

IMG_4055 (1)

Жамгырлуу аба ырайына карабастан катышуучулар өткөргөн убактыларына өкүнүшкөн жок. Алардын көбү андай аба ырайынын артыкчылыктуу экенин айтышып, бул сыяктуу мелдештер дал ушундай шартта өтүшү керектигин белгилешти.

IMG_4075

IMG_4159

IMG_4207

Мелдештердин уюштуруучуларынын бири Кирилл Бевзюк Кыргызстанда Uphill мелдештери биринчи жолу өткөрүлүп жатканын айтты. Иш-чаранын максаты — өлкөдөгү туризмдин деңгээлин көтөрүү жана адамдарды спортко тартуу.

«Мен аз убакыт аралыгында эле ушунчалык катышуучулар менен көрүүчүлөрдү чогулта алганыбызга кубанычтамын. Кайсыл жерде өткөрсөк деп көпкө тандадык, анткени ар бир эле тоо төрт жүз метрде болбойт да», — деди ал.

IMG_4101

IMG_4214

IMG_4223

IMG_4235

Жарыштын катышуучуларынын эң кичүүсү Александр Стасевич 11 жашта.

«Чуркоонун жардамы менен Кыргызстан мындан да саламаттыгы жакшы улут болот», — деди ал.

IMG_4246

IMG_4261

IMG_4263

IMG_4280

Жеңүүчүлөргө медалдар жана белек катары сертификаттар тапшырылды.

IMG_4718

Тоого чуркоодон сырткары андагылар «Кроссфит салгылашуусуна» да катыша алышты.
IMG_4725

IMG_4637

IMG_4633

Төрт кишиден турган сегиз команда уюштуруучулардын тапшырмаларын аткарышты. Аларга бири-бирин ийнине көтөрүп, чоң устундар менен жарышып, дөңгөлөктөрдү оодарып, аркан менен жогору чыгууга туура келди.

IMG_4569

IMG_4536

IMG_4512

Видео: Даниил Ляпичев
Монтаж: Азат Рузиев
Сүрөт: Уулжан Саякбаева