Тарых музейинин алдына орнотулуп жаткан тосмолор жумушчулар брусчатка төшөп бүткөндөн кийин алынат — бул тууралуу музейдин өкүлү билдирди.

Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин алдындагы аянтты кайра келбеттөө иштери 25-мартта башталган. Жумушчулар бурсчатканы алмаштыруу үчүн анын айланасына тосмолорду орнотуп жатышат.

Музейдин директорунун орун басары Ольга Ильинская Kloop.kgге брусчатка төшөө иштеринин качан аяктай тургандыгын билбестигин айтты.

«Кайра келбеттөө иштери аяктагандан кийин тосмолор алынат, а музейдин айланасы ачык болот. Ал жакта эч кандай тосмо болбойт», — деп белгиледи ал.

Музейдин айланасын оңдоо — музейин кайра келбеттөө иштеринин биринчи баскычы. Музейдин басма сөз кызматынан 2016-жылдын 31-августуна чейин фасадды оңдоо жана жарык берүү жабдууларын алмаштырууну аяктоо пландалып жатканын билдиришти.

«Экинчи баскычында тарых музейин кайра келбеттөө иштери толук аяктайт, ал музей ишинин бардык заманбап талаптарына жооп берет», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

IMG_4891-1068x711

Тосмолордун орнотулушу социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын көңүлүн бурду. Алар бийлик борбордук аянтты айланта тосмо орнотуп баштады деген божомолдорун айтып башташкан.

«Ала-Тоо аянтында эмне кылып жаткандарын карагылачы: тешкилеп, кандайдыр бир металл мамыларды кагып салышыптыр. Алар минтип 7-апрелди майрамдоого даярданып жатышабы?» — деп жазган «Фейсбуктун» Замира Сыдыкова аттуу колдонуучусу.

Автор: Даниил Ляпичев