Чүй проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар унаадан жөө адамдарга ок атышты. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делинип жаткан бир киши жарадар болду, милиция колго түшүрүү операциясын жарыялады.

Окуя 5-апрель күнү кечки саат 7лерде болду. Ак түстүү «Субару Легаси» унаасындагы белгисиз адамдар Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен жөө кетип бара жаткан эки кишини көздөй төрт жолу атышкан, деп жазды «АКИпресс» маалымат агенттиги.

«Автоунаанын ачык айнегинен эки кишини көздөй ок атышты. Алардын бирөөсү жарадар болду. Болжол менен ал колунан жана төшүнөн жарат алды», — деп жазды агенттик.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери аймакты курчоого алышты. Жарадар болгон адам Улуттук хирургия борборуна жеткирилди. Ок чыгаргандан кийин качып кеткен белгисиз адамдарды колго түшүрүү планы жарыяланды.

K-News маалымат агенттиги милициядагы булагына шилтеме жасоо менен жарадар болгон адам — Сакал деген каймана ат менен белгилүү криминал төбөлү Улан Токтосуновдун жакын адамы экенин жазды.

Буга чейин, 1-февралда, Бишкекте үч жолу ок атуу менен Пулат Сулайманов өлтүрүлгөн. ИИМдин маалыматы боюнча, ал криминал төбөлү Камчы Көлбаевдин жакын санаалашы болгон. Ал окуядан бир жумадан кийин Сулаймановду өлтүрүүгө шектүү адам кармалган.

Анда K-News агенттиги окуя криминал төбөлдөрү Көлбаев менен Сакалдын ортосундагы келише албастыктан улам келип чыккан болушу мүмкүндүгүн билдирген.

«Сулейманов мурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун катарында болуп, түрктөрдүн үстүнөн «смотрящий» болчу. Бирок кийин Сакал деген ат менен белгилүү Улан Токтосуновго өтүп кетип, Көлбаев үчүн жыйымдарды чогултуп бербей калган. Анан берки өч алган», — деп жазган анда агенттиктин булагы.