Транспорт министрлиги Бишкек — «Манас» аба майданы жолундагы 1800 бак андагы оңдоо иштерин өткөрүүгө тоскоолдук кылганын билдирди. Казылып алынган бактар отургузуу үчүн Ошко, мамрезиденцияга жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине берилди.

Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Kloop.kgге курган маегинде 1800 карагайды көчүрүү чечими жолду оңдоого байланыштуу экенин билдирди. Айтымында, бактардан улам жолду оңдоо «мүмкүн эмес» болгон.

«Жалпысынан 1800 бак болгон. Жолдун ортосунда карагайлардын ордуна тосмо болот деп чечилген», — деди Досумбетов.

Басма сөз катчынын айтымында, бактар отургузуу үчүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине (800), мамрезиденцияга (500) жана Ошко (калгандары) берилди.

Бактарды «сатууну каалашкан»

Чүй облустук администрациясынан Kloop.kgге Транспорт министрлиги аларга бактарды сатып алууну сунуштаганын билдиришти. Администрациянын басма сөз катчысы Жылдыз Шеринбекова карагайларды сатып алууну Сокулук акимчилигине сунуштагандыктарын айтты.

«Алар бизге сатып алууну сунушташкан. Бирок бактардын баасы кымбат болуп, Сокулук районунун бюджетине туура келбегендиктен улам баш тартуу чечимине келгенбиз», — деди ал.

Шеринбекова Чүй облусунун бир дагы району бактарды сатып албаганын кошумчалады. Басма сөз катчы карагайлардын баасын айткан жок.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы карагайларды сатуу тууралуу маалыматты ырастаган жок — Досумбетов бактар кайтарымсыз негизде берилип жатканын белгиледи.

Бир ай мурда Кыргызстандын өкмөтү жолду оңдоого Кытайдан каражат сураган. Жолду оңдоо долбоорун ишке ашырууга 75 миллион доллар талап кылынат.