Kloop.kg порталынын алдындагы журналистика мектеби 11-апрелде баштала турган өзүнүн жазгы мектебине студенттерди кабыл алууну улантат. Журналистика мектебинде окуу — бул заманбап репортердун практикалык көндүмдөрүнө үйрөнүү, чыныгы тажрыйбага ээ болуу жана көптөгөн профессионалдык таанышууларга жетишүү.

Дароо эле мектепке катышуу үчүн билдирме толутурууга өтүү

Үч ай аралыгында — 11-апрелден 11-июлга чейин — мектептин студенттери жаңылыктарды жазууга, атайын репортаждарды даярдоого, сүрөт менен видеого тартууга, ошондой эле адам укуктарынын негиздери менен медиа мыйзамдарын окуп үйрөнүшөт.

Мектепте окуу — акылуу. Төлөм үч айлык окуу үчүн 12 000 сомду түзөт жана ал окуунун алгачкы аптасында төлөнүшү керек.

Окуунун жыйынтыгы менен мектептин бүтүрүүчүлөрүндө тажрыйбасын арттырып, өз репортаждарын Kloop.kg сайтына чыгаруу, ошондой эле кыргыз же чет өлкөлүк ЖМКларга жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү болот (мектептин бүтүрүүчүлөрү RFE/RL — Радио Свобода, The Guardian, EurasiaNet.org, The Washington Times, IWPR сыяктуу эл аралык басылмаларга, ошондой эле АКИпресс, Vb.kg, Knews.kg, Kyrtag.kg сыяктуу кыргыз ЖМКлары үчүн материалдарды жазып жатышат). Кимдир бирөө үчүн мектеп — өзүнүн жаңы таланттарын ачып көрсөтүп, алган билимдерин башка адистиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгү.

Bektour Iskander speaks at TED2016 - Dream, February 15-19, 2016, Vancouver Convention Center, Vancouver, Canada. Photo: Ryan Lash / TED
Kloop.kg порталынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер Нуржамал Жаныбекова (солдо) менен Айзирек Алмазбекова тууралуу айтып жаткан учурда алардын сүрөтү TEDдин сахнасындагы чоң экранда көрсөтүлүп турду. Сүрөт: Райан Лэш / TED

Журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү журналисттик кесипке гана үйрөнбөстөн, ошондой эле адам укуктары боюнча базалык билим алып, ар күн сайын жаңы бир нерселерди үйрөнүү менен өзүнүн дүйнө-таанымын кеңейтишет жана дүйнөнү кыдырып башташат (мектептин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 17 өлкөсүндө болушту).

Мисалы, таланттуу оператор жана журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн бири, биринчи курстун студенти Тилек Бейшеналиев учурда Kloop.kg порталынын негиздөөчүлөрү Бектур жана Ринат менен бирге АКШнын Сан-Франциско шаарында реалити-шоу тартып жүрөт.

Kloop.kgнин журналстика мектебинин бүтүрүүчүсү Тилек Бейшеналиев Instagram менен Facebookтун кеңсесинде, Пало-Альто, Калифорния, АКШ.
Kloop.kgнин журналстика мектебинин бүтүрүүчүсү Тилек Бейшеналиев Instagram менен Facebookтун кеңсесинде, Пало-Альто, Калифорния, АКШ.

Мектептин студенттери менен бүтүрүүчүлөрү — Кыргызстандагы бул кесиптин эң жаш өкүлдөрү болушса керек, бирок бул аларга эң олутуу жана «чоңдордун» темаларындагы кызыктуу жаңылыктар менен атайын репортаждарды даярдоолоруна тоскоолдук кылбайт. Бүгүнкү күндө жаңылыктары журналистика мектебинин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү тарабынан жазылган Kloop.kg сайты Кыргызстандагы эң көп киши окуган жаңылыктар сайттарынын алдыңкы бештигине кирет.

Сабактарды форматы

Окуу курсу үч айга созулат, анын үчтөн бирин теориялык сабактар, а калганын материалдарды жазуу жана сайтка чыгаруу бөлүмү түзөт.

Kloop Mediaнын журналистика мектеби – бул өз ичине толук кандуу журналист болуп иштөө үчүн керек болгон бардык нерселерди камтыган толук баалуу бир курс. Каалаган форматта иштей билүү (текст, сүрөт, видео) биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн медиарыноктогу атаандаштыкка туруктуу болушун жогорулатат, ошондуктан биз студенттерди текст менен же сүрөттөр менен гана иштөөгө үйрөтпөйбүз.

Теориялык сабактар белгиленген аптада дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:30-15:00дөн 17:00-18:00гө чейин, практикалык сабактар — студенттер үчүн ыңгайлуу болгон редакторлор менен макулдашылган убактарда өткөрүлөт. Теориялык сабактар дем алыш күндөрү болбойт жана 16:00дөн кеч башталбайт.

Мектеп тууралуу суроо берүү же жазылуу үчүн 0773 703 709 же 0556 090 004 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Ошондой эле мектепке дал ушул баракчанын өзүндө эле жазылууга болот — ал үчүн төмөнкү жактагы байланыш формасын толтуруу керек. Клооптун өкүлү көрсөтүлгөн телефон номуру аркылуу силер менен байланышат. Мектеп тууралуу кененирээк бул жерден билүүгө болот.