Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабах жаңжалын жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын аймагындагы Азербайжан менен Армениянын куралдуу кагылышуулары 1-апрелден бери уланууда.

Кыргызстан Тоолуу Карабах республикасынын аймагындагы куралдуу кагылышуулар боюнча билдирүү жасады. Тышкы иштер министрлиги өлкө куралдуу кагылышууларды жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстан Азербайжан менен Арменияны ок атууну токтотуп, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып жатканын айтты.

«Биз баары тынчтык жолу менен, дипломатиялык каражаттар аркылуу, ошондой эле жалпы кабыл алынган принциптер менен эл аралык укуктардын нормаларынын негизинде чечилсин деп жатабыз. Бул андагы абал боюнча биздин позиция жана ал биринчи кезекте эки тарапка багытталган», — деди Сүйөркулов.

Ошондой эле ТИМден Kloop.kgге Кыргызстан буга чейинки тажрыйбасына таянуу менен көмөктөшүүнү сунуштап жатканын билдиришти. Азербайжан менен Армения 20 миңден ашык кишинин өмүрүн алган куралдуу кагылышуулардан кийин 1994-жылы Бишкекте протоколго кол коюшкан. Ал документке ылайык, тараптар согуштук аракеттерди токтотуулары керек болгон.

«Биз конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгалы деп атабыз жана саясий жардам берүүгө даярбыз, анткени тажрыйба бар. Бишкекте Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотуу үчүн [протоколго] кол коюлган», — деди Сүйөркулов.

Азыр жаңжалды жөнгө салуу менен ЕККУнун Тоолуу Карабах боюнча Минкс тобу алектенүүдө. Болжолдуу маалыматтар боюнча, топтун жыйыны 5-апрелде өтүшү керек.

Таанылбаган Тоолуу Карабах аймагындагы абал 1-апрелден 2-апрелге караган түнү курчуган. Азербайжан бийлиги Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган ок атуулар тууралуу билдирди. Өз кезегинде Армения азербайжандыктардын «чабуул жасоо аракеттери» тууралуу билдирген.

Орусия ЖМКларынын маалыматтары боюнча, куралдуу кагылышуулар 30дан ашык кишинин өмүрүн алып кетти. Жабыркагандардын арасында жайкын адамдар да бар.

Сүрөт: АР