Азербайжан президенти Илхам Алиевдин үй-бүлөсү офшордук компаниялардын түйүндөрү аркылуу кыргыз алтын кенин иштетүүгө жарыяланган сынакта утуп чыгууга аракет кылган, деп жазылган OCCRPнин материалында.

5-апрелге караган түнү Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияны изилдөө борбору (OCCRP) «Панама документтери» сериясындагы кезектеги материал жарыялады — анда Азейрбайжан президенти Илхам Алиевдин үй-бүлөсү офшордук компанияларынын түйүндөрү аркылуу кыргыз кенин иштетүү үчүн жарыяланган тендерге катышканы жазылган.

Материалга ылайык, 2012-жылы Redgold Estates Azerbaidjan Ltd. компаниясы Кыргызстандагы беш алтын кенин иштетүү лицензиясын алуу үчүн билдирме жөнөткөн, бирок анда аукцион жаштар уюмдарынын нааразычылыгынан улам үзгүлтүккө учураган.

Өз кезегинде Redgold Estates Azerbaidjan Ltd. компаниясын офшордук компаниялар түйүндөрү аркылуу Алиевдин кыздары башкарып турушкан.

«OCCRP тарабынан жүргүзүлгөн буга чейинки иликтөөлөр Redgold Estates Ltd. компаниясынын ээлеринин бири болгон Globex International LLP компаниясына башка үч панамалык компаниянын ээлик кыла тургандыгын көрсөткөн. Алар: Hising Managment S.A., Lynden Managment Group Inc. жана Arblos Managment Corp. Өз кезегинде аларды Алиевдин эки кызы — Лейла менен Арзу — жана үй-бүлөнүн жакыны эсептелген швейцариялык ишкер Оливер Местелан башкарып турушкан», — деп жазылган материалда.

Screenshot_1

Анда Кыргызстанда өткөн нааразычылык акцияларынан кийин аукцион кийинкиге жылдырылган. Андан кийин Алиевдердин үй-бүлөсүнүн кендерди иштетүү лицензиясын алган-албагандыгы белгисиз. Globex Азербайжан, Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү алтын казуу долбоорлоруна катышуу ниети бар экенин билдирген болчу.

«Панама документтери» — панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмасы жүргүзгөн офшордук операциялар тууралуу документтердин эң масштабдуу ачыкка чыгып кетүүсү.

Андагы дээрлик 12 млн. документ «Зюдойче цайтунг» гезитинин колуна тийип, ал аларды Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияны изилдөө боюнча борборго (OCCRP) жана Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциумуна (ICIJ) көрсөткөн.

Ал документтерди иликтөөнүн үстүнөн дүйнө жүзү боюнча 400гө чукул журналист иштеген. Алардын ишинин жыйынтыгында салыктардан качуу жана акчалардын изин жашыруу үчүн дүйнөлүк лидерлер, ишкерлер жана башка атактуу адамдардын офшорлорду пайдаланып келгендиктери белгилүү болгон.

Алардын арасында Орусиянын, Украинанын, Кытайдын азыркы жана мурдагы жогорку кызматтагы чиновниктери менен жетекчилери, ошондой эле дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 150гө жакын киши бар.